21 ноябрь 2016, 09:40

Кара-Кулжа районунда “Өзгөчө кырдаал учуру” деп жарыяланды

Кара-Кулжа районунда “Өзгөчө кырдаал учуру” деп жарыяланды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта 20-ноябрда Мырзаке-Алайкуу унаа жолу 45-чакырымынан тарта жабылды. Учурда аталган жерде атайын пост коюлду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алай-Куу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Натыйжада, Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коочаты айылдарында, Алай-Куу айыл аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган. Ал эми айрым айылдар электр жарыгысыз калышкан. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар айыл аймактарына электр энергиясы толугу менен берилди. Алайкуу айыл аймактарында үзгүлтүккө учураган электр зымдарын калыбына келтирүү максатында, РЭТнан 1 бригада (10 адам) тартылып, жумуш улантылууда.

Кара-Кулжа районунда “Өзгөчө кырдаал учуру” деп жарыяланды

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Пользователь с логином Kanyshay не найден.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Бул жуманын жаңылыктары

Новостей нет

KPRESS.ORG 2016

Катта таптыңызбы?
Катаны белгилеп туруп Ctrl+Enter баскычын басыңыз