jump to http://jeenbekov2017.kg/
29 ноябрь 2016, 14:12

Колумбияда бразилиялык футбол командасын тейлеген учак кулап түшүп, 25 адам каза тапты

72 жүргүнчүсү жана борттогу 9 экипаж мүчөсү менен бирге учуп бара жаткан British Aerospace 146 учагы Колумбияда кулап түштү. Аба кемеси Боливиядан Медельин шаарына чартердик каттам менен бара жаткан. Азыркы учурда такталган маалыматтарга таянсак 25 адам каза болду. Ал эми 13 киши катуу жарадар алды. 

Би-Би-Си кабарлагандай, учакта бразилиялык "Шапекоэнсе" клубунун футболчулары дагы бар болчу. Алар Медельинге Түштүк Америка кубогунун финалында жергиликтүү "Атлетико Насьональ" клубу менен ойноо үчүн сапар алышкан.

Маалымдалгандай, авария Антиокия провинциясында Ла-Уньон районунда болду. Аба кемесинин тиби такталууда.

Колумбияда бразилиялык футбол командасын тейлеген учак кулап түшүп, 25 адам каза тапты

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Махабат Турсунбекова
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Бул жуманын жаңылыктары

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2017

Катта таптыңызбы?
Катаны белгилеп туруп Ctrl+Enter баскычын басыңыз