jump to http://jeenbekov2017.kg/
7 декабрь 2016, 11:30

Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Жалал-Абадда чыккан чырга атаандаштарыбыздын “ыплас технологиясы” себеп болду”

Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясынын лидери: “Жалал-Абадда чыккан чырга атаандаштарыбыздын “ыплас технологиясы” себеп болду”
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жалал-Абад шаарындагы КСДПнын тизмеси тууралуу чыккан чыр боюнча “АКИ-press” агенттигинин суроолоруна жооп берди. Анын кыргызча вариантын сунуш кылабыз.

Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Жалал-Абадда чыккан чырга атаандаштарыбыздын “ыплас технологиясы” себеп болду”

- Иса мырза, КСДПнын Бишкектеги жетекчиси катары Жалал-Абаддагы партиянын тизмеси тууралуу чыккан чыр боюнча кандай ойдойсуз?
  - Биз реалистпиз, Жалал-Абадда чыккан чырга атаандаштарыбыздын “ыплас технологиясы” себеп болду. Буга КСДПнын жергиликтүү штабындагылардын профессионал эместеги да чоң роль ойноп кетти. Тилекке каршы, ушундай окуя орун алып кетти. Ал жакта биздин партияга күрөштүн ыплас методун колдонуп, буга Аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) менен биздин партиялаштар негиз берип койду.
Ооба, биздин партиялаштар шаардык кеңешке аттанган депутаттардын тизмесин түзүүдө калпыстыктарга жол берген, бирок, бул каттоо аягына чыкканга чейин жоюлушу керек болчу.
Ызы-чууну ойлоп, аны чыгаргандар биздин штабдагылардын мындай кемчилигин, тизмени добуш берүүгө 3 күн калганга чейин өзгөртүүгө мыйзам жол бере турганын абдан жакшы билген. Тактап айтканда, 7-декабрь акыркы күн болчу. Бирок, алар кандай болбосун, эң башкысы, чыр чыгарууну максат кылган, бул максаттарына жетти.
  - Конкреттүү кимдер жөнүндө айтып жатасыз, мунун баарын кимдер ойлоп тапкан?
  - Үч партиянын өкүлдөрү («Өнүгүү–Прогресс», «Ата Мекен» жана «Ата Журт») КСДПнын тизмеси боюнча олуттуу себеп болбосо деле арызданган. Бирок, биз Жалал-Абадда «Өнүгүү–Прогресс» партиясынын активисттеринин абдан активдүү болуп жатканын байкап жатабыз. ММКда жарыяланып жаткан буйуртма макалалар да ушул партиянын рекламаларына төп келип жатат.
- Сиз КСДПнын жергиликтүү штабындагыларды профессионал эместер деп атадыңыз. 
- Биздин адамдар өздөрү буга мүмкүнчүлүк берип койгон. Бирок жергиликтүү АШК мындай калпыстыктарды эскертип, алдын алса болмок. КСДПнын жергиликтүү штабы гендердик баланс сакталбай түзүлгөн тизмени жергиликтүү АШКга алып барган. Мыйзам боюнча алар тизмени 24 саат ичинде текшерип, 48 сааттын ичинде андагы калпыстыктарды эскертиши керек болчу. Каттоо башталгандан кийин жоопкерчилик партияда эмес, АШКга жүктөлөт. Бирок АШК тизмени оңдоп түзүүгө убакыт болсо деле бул боюнча КСДПга эскертүү берген эмес. Эгер АШК өз милдетин так аткарганда бүгүнкүдөй окуя болмок эмес. Демек, бул жерде айыптуу катары АШКны атасак болот.
Келгиле, окуянын өнүгүшүн талдап көрөлү. Менде керектүү документтердин баары бар.
Биринчиден, 31-октябрда КСДПнын тизмеси АШКга жеткирилген.
Экинчиден, 5-ноябрда АШКнын чечими менен КСДПнын тизмеси катталган. АШКда тизмени кайра түзүү сунушун берүү үчүн 5 күн убактысы болгон.
   - Анда “мина” каттоо учуруда катылган экен да?
  - Албетте, мыйзам аны 7-декабрга чейин өзгөртүүгө уруксат берет. Айрым талапкерлердин ордун алмаштырып, аны жөнгө салганда болмок.
Үчүнчүдөн, 30-ноябрда, шайлоого 10 күн калганда «Өнүгүү–Прогресс», «Ата Мекен» жана «Ата Журт» партияларынын Жалал-Абад шаардык штабдары биргелешип билдирүү таратып, КСДПны тизмени бузганы үчүн каттоосун жокко чыгарууну суранып кайрылган. ММКда болсо КСДПга массалык түрдө чабуул болуп, “бийликтин партиясы Жалал-Абаддагы шайлоодо мыйзам бузуп жатат” деген маалыматты көбүртүп-жабыртты. Бирок булар 14-ноябрга чейин тизме боюнча арызданууга жатпай турганын көзгө илген да жок.
Биз бул жерде “ыплас технологиялардын” оюну болуп жатканын көрүп турабыз. Бир жыл мурда КСДП Жалал-Абад шаарында көпчүлүк добушту алып (29,3% ) башка партияларды артка таштаган. Бул көрсөткүч «Республика – Ата-Журт» (19,8%) партиясына караганда бир жарым эсе көп. Ал эми «Өнүгүү–Прогресс» (14,8%) партиясына караганда эки эсе көп. “Ата Мекен” партиясы болсо (2,8%) 10 эсе КСДПдан артта калган.
Ошентип Жалал-Абад шаардык кеңешинде КСДПнын мындан ары бекемделишине каршы турган биздин атаандаштар эч бир аргасы калбай ачык түрдө ыплас ыкмаларды колдонуп баштады. Дагы кайталап кетейин, буга биздин партиялаштар жол берип койду.
Төртүнчүдөн, 30-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык АШКсы өз жыйынында кемчилигин байкап, аны 10 добуш менен жокко чыгарган (жалпы 11). Ошол эле учурда алар КСДПнын айрым талапкерлеринин тизмеден чыгуу боюнча арыздарын канааттандырат.
Бешинчиден, 2-декабрда БШК АШКнын чечимин колдоп, арызданган 3 партиянын койгон дооматтары КСДП партиясына эмес АШКга тиешелүү экенин чечет. Ошондой эле өзүнчө пункт менен партиялардын тизмесинин мыйзамдуулугун дагы бир жолу дыккат карап чыгуу чечимине келет. Мындан сырткары АШКнын жетекчиси Бактыкан Нуралиеванын кызмат ордун карап чыгуу сунушталат.
Ушул эле жыйында "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Улуу Кыргызстан" партияларынын тизмелери да талаптарга жооп бербей турганы белгиленген.
- Бирок Жалал-Абад шаардык АШКнын 28-ноябрда чыккан чечими бар да КСДПнын партиялык тизмесин жокко чыгарган?
- Менин айтып жаткан 6-маселе ушул болчу. Бул чечим 28-ноябрда кабыл алынган деген маалымат ММКда туура эмес айтылып жатат, а негизи ал 2-декабрь болчу. БШКнын жыйыны болуп, Жалал-Абадда болсо айрым жаштар басым менен АШКнын мүчөлөрүнөн кол чогултуп, КСДПны шаардык кеңештин шайлоосунан четтетүү аракетин көрдү. Бир добуш жетпей калган (8 добуш керек болсо 7 добуш чогулткан). Белгилеп кетүүчү жагдай, бул “акцияга” АШКнын жетекчиси Б.Нуралиева да катышкан.  
Жетинчиден, 3-декабрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын парламенттеги депутаты М.Бакиров “ара туулган” чечимди биле туруп аны БШКга тапшырат. Ушул эле күнү КСДПны Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосунан четтеткен деген калп маалымат бир катар ММКларда жарыяланган.
  Сегизинчиден, 5-декабрь эрте менен Жалал-Абад шаардык АШКсынын 11 мүчөсүнүн сегизи расмий жыйынга чогулуп М.Бакировдун мыйзам бузуу менен БШКга жеткирген КСДПны Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосунан четтеткен деген “ара туулган” чечимин жокко чыгарат.
Тогузунчудан, 5-декабрдын кечинде БШК Жалал-Абад шаардык АШКнын 2-декабрдагы кабыл алган чечими мыйзамды бузуу менен ишке ашканын моюнга алат. Менин оюмча БШКнын Жалал-Абад шаардык АШКнын 2-декабрдагы мыйзамды бузуу менен кабыл алган чечими аны БШК мыйзамсыз деп тапкан күндө деле эч кандай күчкө ээ болмок эмес.
Тилекке каршы, кээ бир маалымат каражаттары “ыплас технологияны” колдонуу менен “БШК Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосунан КСДПны четтетүү чечимин жокко чыгарды” деп жалган маалымат таратты. Мыйзамдуу мындай чечим болбосо аны кантип жокко чыгарат?
  - Аягында эмне болду анан?
  - Мыйзам жана акыйкаттык ордуна келди.  
- Сиз ушундай чагымчылдык масштабдуу түрдө кайталанып кетет деп ойлобойсузбу? Мүмкүн атаандаш партиялар бийликтин партиясынын ушундай калпыстыгын колдонуп кетип жүрбөсүн?  
- Биз өзүбүздүн саясатчылардын, технологдордун жана пиарщиктердин стилин абдан жакшы билебиз. Учурдагы кырдаалды толугу менен түшүндүк.  Биздин каршылаштардын аракеттеринин көпүлүгү интервьюнун алкагынын сыртында калды. Мисалы, биздин каршылаштар шайлоо комиссияларындагы өз “адамдары” жана “булактары” аркылуу, Жалал-Абадда элди чогултуп, маалымат каражаттарына материалдарды жарыялоо боюнча системалуу түрдө мамиле кылып жатат.
Ал эми биздин партияга “ыплас технология” Жалал-Абадга гана тиешелүү эмес. Мисалы, кечээ кээ бир катар сайттарда “Бишкек шаарындагы мугалимдерди КСДПга мажбурлап үгүт жүргүздүрүп жатат” деген окшош маалымат таратылды. Бул көрүнүштөрдү байкап көрсөк ошол эле биздин атаандаштардын колунан келип жатат. Буга заказ бергендердин “технологиясын” деле билип калдык, аны аныктоо кыйын деле эмес.
  Мунун баары алдын ала пландалып, так аткарылган нерсе. Бирок, алардын мындай аракетин эл колдойбу бул башка маселе. Аккан суу ташты курчутат, биз кандай жыйынтык чыгарышты өзүбүз билебиз. Албетте, бул жөнөкөй эмес жыйынтык болот. Эң башкысы эл менен иштешүү керек. Биздин күч дайыма чындык менен жана чындык үчүн.  

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
2 ой-пикир
  • Barnypok
    bJK3aA http://www.LnAJ7K8QSpkiStk3sLL0hQP6MO2wQ8gO.com
  • жамила
    шайлоонун алдында ыплас технологияны колдонуу ото онуккон бизде. мына ошол ыплас технологиядан СДПК жабыркады. бул ыплас ыкманы колдонгондор Онугуу партиясы! бул акмактар бакиевтин партиясы! ошолордон уйронгон технологияны колдонуп атышат.

Бул жуманын жаңылыктары

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2017

Катта таптыңызбы?
Катаны белгилеп туруп Ctrl+Enter баскычын басыңыз