jump to https://bit.ly/2moIk2N /
7 июля 2018, 13:24

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов дүйнө салды

 

     Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу актёрдун кесиптеши, актёр Акылбек Мураталиев Super.kg порталына билдирген.

"Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Театр жана кино актёру Дүйшөн Байдөбөтов бүгүн, 7-июлда инсульттан улам каза болду. Ал 3 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген", - дейт ал.

Дүйшөн Байдөбөтов "Мен - Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган.

Мындан тышкары театр сахнасында бир нече спектаклдерде роль жараткан.

Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда өзүнүн туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter