jump to https://bit.ly/2moIk2N /
9 июля 2018, 12:43

Кыргызстандык 5 жашар Умар Марасулов жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталды

 

   Кыргызстандык 5 жашар Умар Марасулов жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталды

 

Беш жашар кыргызстандык Умар Марасулов Бразилия жиу-житсусу боюнча дүйнө чемпионатынан алтын байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун атасы Заир Марасулов билдирди.

ACBJJ – Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu версиясындагы дүйнө биринчилиги 7-июлда Мосвка шаарында башталган.

Мелдешке кыргызстандын атынан жети спортчу катышып, жыйынтыгында чоңдор арасында Далер Марасулов (65 кг) күмүш тагынса, иниси Умар Марасулов (22 кг) балдар арасында чемпион аталган. 

Беш жашар чемпион Умардын атасы Заир Марасуловдун айтымында, уулу эки россиялык спортчуну муунтуу ыкмасы менен утуп, биринчи орунга ээ болгон. 

"Балам жиу-житсу менен бир жылдан бери машыгат. Жеңишине кубанып турам. Менимче ал жиу-житсудан Кыргызстандын тарыхында эң жаш дүйнө чемпиону", — деди Марасулов. 

Белгилей кетсек, Заир Марасулов да жиу-житсудан чоңдор арасында дүйнө чемпиону. 

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter