jump to /
12 июля 2018, 13:24

Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу: "Депутаттын абалын көрүү үчүн палатасына кирип чыктым"

 

    Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу: "Депутаттын абалын көрүү үчүн палатасына кирип чыктым"

 

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунова эл өкүлү жаткан палатага кирип чыкканын айтты. 

Айрым маалымат каражаттары Артыкбаев бир дагы ооруканада жок, ал өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматтарды жазышууда. Орозакунова бул сөздөрдү четке какты. Анын айтымында, депутат Улуттук кардиология борборунда жатат. "Бүгүн Артыкбаев жаткан палатага киргенге уруксат алдым. Азыр операция жасоого даярдыктар көрүлүүдө. Операциянын алдында организмди даярдоо керек. Анын ашказаны дагы ооруп жатыптыр. Дарыгерлер тынчын албагыла деп сүйлөшкөнгө уруксат бербей, учурашып эле чыктым. Артыкбаевдин абалы оор", - дейт жактоочу.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
2 комментария
  • тимур
    Осмонбек АРТЫКБАЕВ: “Сапар Исаков бизге көрсөтмө берип турган”

    Акыры ачуу чындык айтылды 17-майда парламентте Бишкек ТЭЦине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо маалында депутат Осмонбек Артыкбаев агынан жарылды «ТЭЦти модернизациялоону ким чечкени чоң суроону жаратып турат Аны ким аткаргандар эмес, кимдин чечкенге укугу бар болгондор Тилекке каршы, болгону аткаруучуларды гана айыптап жатышат, тапшырма бергендерди эмес», - деди анда О Артыкбаев
    Анын айтымына караганда, С Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезде көрсөтмө берген «Ошонун негизинде министрлик өз ишин жасаган Алтургай менин туугандарым мени чындап эле ууру болуп калдыңбы деп сурап атат Мен бул ишке катыштыгым жоктугун далилдейм», - деди ал
    Демек, энергетика министрлиги Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Сапар Исаковдун тапшырмасын аткарганы билинди Ал эми С Исаковдун артында албетте А Атамбаев турганы эч кимге деле жашыруун эмес
  • неман
    вы меня извините, но этот артыкбаев чистейшая крыса! что он и главное кому хочет доказать, все поняли, что именно он лоббировал твеа, а не кто то еще, именно он возил депутатов, которые потом всех убедили что все хорошо и надо кредит ратифицировать, а спикер в спешном порядке провел все это в трех слушаниях не те люди сидят в сизо гкнб, просто кому то повезло что они оказались в одной лодке с Туристом

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter