jump to https://bit.ly/2moIk2N /
8 августа 2018, 18:04

Айчүрөк Иманалиева: “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы”

Социалдык тармактарда белгилүү ырчылар  Айчүрөк Иманалиева менен Расул Маматкуловдун бир нече жыл мурунку мамилесин аныктагысы келген маалыматтар жарыялана баштады. Биз бул тууралуу Айчүрөк Иманалиева кайрылганыбызда, ырчы айым буларга токтолду:

 

-Айчүрөк эже, социалдык тармактарда сиз тууралуу дагы жаңы кеп пайда болду. Бул сапар 20-30 жыл илгерки учурга кайрылышып, Расул Маматкулов менен жакын мамиледе болгон дешип, ал турмак эр жетип калган уулуңуз Аргенди анын баласы кылып чыгарышыптыр. Сиздин өзүңүздөн угалы, бул кептин канчалык чындыгы бар?

 

Айчүрөк Иманалиева: “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы”

 

-Быйыл чыгармачылыкка аралашканыма 30 жыл толду. 30 жылдан бери укпаган ушак деле калбады окшойт. Кызыгы, бизде баары тескерисинче, канчалык түз жүрсөң ошончолук ушак коштойт. Чынын айтайын, ар бир чыккан ушакка безилдеп, актангым да келбей калды. Кудай алдында ак болсом, нерв кетирип, ызылдашыштын деле кереги жок. Аргендин атасы ким экенин жалпы журт билет. Ошол жетиштүү.

 

-“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп коет эмеспи. Мындай сөздүн чыгышына эмне илинчек болду деп ойлойсуз?

 

-Биздин ортобузда достук мамиле бар. Мындан 25-30 жыл илгери, чыгармачылыкка жаңыдан аралашып, Жаштар театрында иштеп жүргөнүмдө Расул менен таанышкам. Ошондон бери ушул күнгө чейин бекем достук мамиле ортобузда. Үй-бүлөлүк катышыбыз да бар. Анын жубайы Катя менен күн сайын байланышып, сүйлөшүп турган достордонбуз. Менимче, бул ушакты зеригип отурган бир адам эле токуп койгон окшойт. Шамалы жок эле чөптүн башын кыймылдатып салганына караганда.

 

Айчүрөк Иманалиева: “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы”

 

-Арген чоң жигит болуп калды. Мындай кептерди кандай кабыл алып жатат?

 

-Ооба, Арген турмуштун ак-карасын түшүнүп, акыл токтотуп калган куракта. Ал социалдык тармактарга катталган эмес, андыктан ушактардан кабары жок. Мен  ага айтпадым.  “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” деп коет. Жолдошум Таалай менен түтүн булатып жашаганыбызга 23 жылдын жүзү болду, Арген анын баласы болуп калды.  Ар бирибизде бала бар, бала кандай кабыл алат, оор тиеби деп ойлонбой, ушакка баланы аралаштыруу жапыздыктын жеткен чеги. Менин айтаарым ушул.

 

Айчүрөк Иманалиева: “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы”

 

 

Источник: Мезгил Ньюс 

meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter