10 августа 2018, 12:03

Таласта эркек кишини зордуктаган шектүү үй-бүлөлүү болгон

Талас облусунун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну эркек кишини зордуктаган деп кармалды. Мындай маалыматты 9-августта Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Берилген маалыматка ылайык, Жон-Арык айылындагы 38 жаштагы эркек адам 7-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында аны эркек киши зордуктап кеткенин айтып милицияга кайрылган.

 

Маалыматта белгиленгендей, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен иш козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

"Жабырлануучу менен шектүү - экөө тең үй-бүлөлүү жарандар. Азыркы убакта тергөө иштери башталды. Ал эми кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы сотто каралып жатат", - деди маалымат катчы.

 

Булак: Супер-инфо 

 

 

 

 

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter