jump to https://bit.ly/2M0YdaP /
11 сентября 2018, 12:27

Ошто 7 айлык ымыркайы менен 4-кабаттан секирген келинге кылмыш иши козголду

 

Ошто 7 айлык ымыркайы менен 4-кабаттан секирген келинге кылмыш иши козголду

 

Ош шаарында колундагы 7 айлык баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштаган келинге адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Колундагы 7 айлык баласы менен төрт кабаттуу жатаканадан боюн таштаган келинге 28-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголду. Ал эми келиндин баласын социалдык коргоо органдары тарабынан өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат катчы.

Эске салсак, окуя 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Белгилүү болгондой, ал жолдошуна таарынып төркүнүндө жүргөн.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter