jump to https://bit.ly/2M0YdaP /
11 сентября 2018, 15:22

Москвадагы кырсыктан жабыркаган адам: "Көп нерсени эстей албай жатам, түшүм сыяктанат"

 

Москвадагы кырсыктан жабыркаган адам: "Көп нерсени эстей албай жатам, түшүм сыяктанат"

 

Москванын Марьино районунда мекендештерин сүзүп кеткен окуяда 11 адам жаракат алып, бирөө каза болгон. Жабыркагандардын бири учурда ооруканада дарыланып жатканын, 9-сентябрда болгон окуяга эч кандай тиешеси жок экенин SUPER.KG порталына айтып берген.

"Марьино районундагы окуяга менин эч кандай тиешем жок. Мен Кыргыз өлкөсүнө кетем деп билет алып койгом. Кетер алдында дос балам менен чай ичип коёюн деп кафеге барганбыз. Тагыраагы, экөөбүз 8-сентябрда кечке маал жолугуп, кафеде көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Сөзүбүздү жыйынтыктап, кетели деп сыртка чыкканбыз. Досум экөөбүз жөө адамдар өтүүчү жолдо сүйлөшүп баратып, көчөдө жаңжал болуп жатканын байкаган эмеспиз. Анан эле эсимди жоготтум. Азыр ооруканадамын, бирок көп нерсени эстей албай жатам. Түш көргөндөй эле абалдамын. Баш мээм чайкалыптыр, сол бутум сынган окшойт, дааратканага эптеп таяк таянып барып келем. Азыр мени эжем карап жатат. Ал эми досумдун абалы кандай жана кайсы жакта экенин билбейм. Номерлери өчүрүлгөн, байланыша албай жатам", - дейт жабырлануучу.

Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу Кыргызстандын жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
1 комментарий
  • ГЕНИЙ
    Кыргызстандын жараны эмес Россиянын жараны бирок кыргыз

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter