jump to https://bit.ly/2M0YdaP /
12 сентября 2018, 16:45

Кулматов жубайы Жамийлага канча байлыгын каттап берген?

 

Кулматов жубайы Жамийлага канча байлыгын каттап берген?

 

Эгер тизмектеп карай турган болсок, Кулматовдун топтогон дүнүйө мүлкү оӊой эмес экенине ынансак болот. Айтмакчы, мүлктүн басымдуу бөлүгү биринчи никедеги жубайы Наталья Кулматовага чегерилген. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан турак үйлөрдүн санынан эле баш айланат.

Маселен Тынчтык проспектисинде, Эркиндик, Ясненский, Он Арча, Орозбеков көчөлөрүндө заӊгыраган батирлери бар. Андан сырктары баш калаада “Бишкек” рестораны, Ысык Көлдөгү Кара-Ой айылында эс алуучу бир нече коттеждери да бар. Ал эми уулу Каныбекке Бишкектин Орозбеков көчөсүндө батирлерди каттап берген. Жер тилкелеринен да куру кол эмес экен. Сулуулук салонун бизнес катары ачканбы же эрмек кылабы, айтор Эркиндик сейил багында салон ачып алган жайы да бар. Акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу автоунааларын айтпай эле коелу.

Ал эми токтобой иштеп жатат жеке ишканалары тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. “Баалар боюнча кыргыз ассоциация” биримдиги, “Гринвейс” курулуш компаниясы, “Эйжен Хоспиталити” бирикмеси, “Көз карандысыз баа жана экспертиза” жоопкерчилиги чектелген бирикменин да ээси. Кубанычбек мырза топтогон байлыгына башы айланып, кубанычы койнуна батпай кеткенби айтор жашыраак деп Жамила аттуу жаш келинге нике кыйдырып алганын көпчүлүк биле бербейт. Кубанычбек мырза өзү төшөк жаӊыртканы, жаш аялына акыркы үлгүдөгү автоунааларды жаӊыртып бергенин баса белгилеп коюу керек. Болбосо “Тойота Прадо” оӊой унаабы?! Баса, К.Кулматов акыркы мезгилдери, досу А.Атамбаев ажо болуп турганда акча агып турган ири кызматтардын баарын ээлеп чыкты.

Санай турган болсок, Бажы кызматы, Улуттук банк, Бишкек мэри, Кыргыз-Орус фонду, Чүйгө губернатор, айтор эркелеп жүрүп ээлебеген кызматы калган жок. Бирок жаман жери – катардагы карапайым жарандар 4 сотых жер тилкесине жете албай жүрсө, бул эргулдун ээлеген дүнүйө-мүлкүн көрүп, кыжыр кайнайт экен. Баса, мунун орус жарандагы бар деген кептер чыгып жатты эле, ошону такталаар бекен. Болбосо атасы – Кулматов Кенеш Нурматович, мурда РФнын Дипакадемиясынын проректору болгондугун, учурда Москвада жашап жаткандыгын эске ала турган болсок, орус жарандыгын алгандыгы чындыкка жакын сезилет.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
4 комментария
  • эл
    бул атамбай долбаептун шайкаларын полностью тонкойтуш керек!!!
  • Таля
    Ушуну жазгандар сотто баарын далилдеп бере алышат бекен Каратып туруп калпты жазышат Он жылдан ашык каза болгон эжесинин фирмасын атагандан кийин силердин жазганынарга эч ишенич жок
  • Адилет
    Ушул чын болсо Кулматовду тезиреек соттоп жакын туугандарына катталган мулкторду мамлекеттин эсебине конфискация кылбайсынарбы Коррупция менен кармалгандардын мулкторун жарыяланат, бирок жыйынтык азырынча жок Коррупция менен курошуудо укук коргоо органдары тезиреек ыкчам иштешсе алга жылыш болот эле
  • Акыл
    Ушундай маалымат чын болсо ГКНБ эчак эле чыгарбайт беле списогу менен, чын болсо подробный маалымат берилмек

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter