jump to https://bit.ly/2E2nkuf /

 

Македониянын Скопье шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатка Кыргызстандан  Мелис Турганбаев,  Чынарбек Изабеков Кубан Эркинбеков  Талант Бегалиевдер катышып келишти.  Балбандар Турганбаев менен Изабеков коло медаль тагынып кайтышты. Биз генерал Турганбаев менен мына ушул мелдеш, жалпы спорт жана саясат, коррупция, ошондой эле криминал темалары боюнча кызыктуу маек курдук.

– Мелис мырза, жакында эле ардагерлер  арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышып келдиңиз. Кепти мына ушул  маселеден баштайлы…

 

– Ардагерлер арасындагы чемпионтка быйыл үчүнчү жолу катышып келдим. 2016-жылы коло медалга татыганбыз.  Былтыр болсо бир балбанды утуп, экинчисинде белден жаракат алып калып, мелдешти токтотуп койгом. Быйылкы Ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионат Македония өлкөсүндө өттү. Кыргызстандын намысын коргооо үчүн: Кубан Эркинбеков, Талант Бегалиев, Чынарбек Изабеков  жана мен төртөөбүз мелдешке катышып келдик. Кубан 5-орунду, Талант (Канат Бегалиевдин агасы) сегиздик финалда утулуп калды, ошентип экөө байгесиз кайтышты. Чынарбек экөөбүз бул жолу татыктуу 3-орунду камсыз кылып, коло медаль тагындым. Мен  алгач Владислав Егоров аттуу орус балбанын уттум.

 

Мелис Турганбаев:  Мени президентке жамандап баргандар көп

 

Финалга чыга турган жерден бир ката кетирип, упай менен француз балбанга жеңишти алдырып ийдим. Ал атаандашты жакшы тааныйм. СССР доорунда далай ирет күрөшкөнбүз. Негизи спорт бардык жагынан тарбия берет. Мен спорттун аракасы менен ушул даражага жетиштим десем болот. Кудай бурйруса, эмки жылкы чемпионат Грузияда өтөт. Ал жакка да барып катышууга нитетим бар. Биз да тишелеүү тарапка Ардагерлер арасындагы чемпионатты Кыргызстандан дагы өткөрөлү деп кайрылуу жолдоп жатабыз.

Негизи бул чемпионатка  мурун анчалык деле чоң көңүл бурулчу эмес. Кийинки жылдары өзүңүздөр көрүп жатасыздар ардагерлер арасындагы чемпионаттын кадыр-баркы өстү. Мурун даярдыгы жок, орто деңгээлдеги балбандар катышып келсе, азыр мен деген кыйын балбандар чыгып жатат.

 

Мелис Турганбаев:  Мени президентке жамандап баргандар көп

 

-Сиздер барып катышып жаткан ардагерлер арасындагы чемпионатка мамлекет тараптан материалдык жана моралдык жактан кандай көңүл бурулуп жатат?

-Анчалык деле колдоо боло элек. Албетте, моралдык жактан колдоо болот. Куттуктап, колдорду  кысып, ыраазычылык билдирип жатышат. Материалдык деле жардамдар жок. Көңүл буруу ойлорунда болсо керек. Эми бийликке деле көңүл бурбай жатат деп таарынган жокпуз. Биз эми өмүр бою спорт менен келатабыз. Дүйнөлүк мелдештерде мамлекетибиздин желеги желбиреп турса деп тилейбиз. “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, жаштарга үлгү бололу, жаштардын намысын ойготолу деп иш жүзүндө көп аракеттерди кылып жатабыз.

 

Мелис Турганбаев:  Мени президентке жамандап баргандар көп

 

Жакында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер болот. Мына ошол мелдеште биздин ийгиликтерден үлгү алышат го деп ойлойм. Жашыбыз жогорулап баратканына карабай спорт залдарда машыгып турсак, жаш балдар сөзсүз түрдө таасирленет. Азыр айыл-айылдарда да көптөгөн спорт залдар салынып жатат..  Быйыл биз жазында кичинекей балдар арасында турнир өткөрдүк. Ал турнирге тандалып олтуруп 1200 бала катышып, түнкү  саат  12ге чейин созулду. Жакында эле биз Азия оюндарында күрөштүн  3 түрүнөн 8 медаль алдык. Анын бирөөсү алтын. Бул спорт тарыхта биринчи жолу болду. Мурун эң көп алганыбыз 4 медалга чейин алчубуз. Мунун баары спорт тармагы үчүн абдан жакшы жетишкендик.

-Айыл жеринде спорт залдар көп ачылып жатканын айттыңыз. Сизди да  өз айылына  спорт зал салып берип жатат деп уктук эле…

Былтыр айылга барганда бир жакшы мончо жана спорткомплекс  салып берели деген ниетибизди билдиргенбиз. Куттубай досум экөөбүз  спорт комплекс салып берели деп кам көрүп жатабыз. Азыр эми кичи футбол талаасын салып бүтүп калдык. Буйруса, бүтүрөбүз. Жаштар жаман иштер менен эмес, дал ушул спорт менен алек болушу керек.

 

Мелис Турганбаев:  Мени президентке жамандап баргандар көп

 

Жакында сиз Одесса шаарында спортко кошкон салымыңыз үчүн “Золотой мангуст” эл аралык сыйлыгы менен сыйландыңыз. Ушул сыйлыкты тапшыруу аземин Ысык-Көлдө өткөрүү демилгесин көтөргөн экенсиз. Бул боюнча маалымат берсеңиз?

-Бул маселе жогорку комитетте чечилген. Бул сыйлык он жылдан бери Укриананын Одесса шаарында дүйнө жүзү боюнча чоң спортко салым кошкон татыктуу инсандарга берилип келатат. Мындай сыйлык  берүү аземи башка өлкөлөрдө өтпөйт. Быйыл да бул сыйлыкты тапшыруу аземине дүйнөнүн 27 мамлекеттеринен атактуу спортчулар, меценаттар, кыйын саясатчылар келип катышты. Мен ушул эл аралык сыйлыкты биздин Ысык-Көлдө да өткөрөлү деп сунуш кылдым. Кызыгып калышты. Андан кийин да башка мамлекеттер өткөрүп турса, бул сыйлыктын аброюу тарыхы көтөрүлөт эле. Чыгым мамселесин айта турган болсок, мамлекет бул маселеге башын оорутпай эле койсо болот. Болгону ачылыш, жабылыш аземинде премьер-министр келип катышып, моралдык жактан колдоого алып турса эле жетиштүү болот. Негизи бул иш-чарага анчалык деле чоң каражат кетпейт. Керектүү каражатты демөөрчүлөрдүн каражаты менен өткөрсөк болот

(Уландысы бар)

Отправить новости WhatsApp News
Erke
2 комментария
  • Шаар
    Сени жамандабаса деле озун жамансын Мелис! Эн кир нерсесин
  • Капар
    Мелиса нужно посадить за все его преступления! А за изнасилование девушки с него будет спрос в СИЗО и он это понимает

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter