30 октября 2018, 13:10

Мэр Таалайбек Сарыбашов: Жогорку Кеңештин депутаттары кадрга кирише бербесин, айтып койгула

 

Мэр Таалайбек Сарыбашов:  Жогорку Кеңештин депутаттары кадрга кирише бербесин, айтып койгула

 

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга чогулуп, күн тартибинде жалпы 9 маселе каралды. Шаардык кеңеште жалпы 45 эл өкүлү болсо, бүгүнкү жыйынга алардын ичинен 42 депутат катышып жатат. Бул тууралуу Тurmush маалымдайт.

Күн тартибиндеги биринчи маселе — 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Ош шаарындагы мекемелерди, жашоочуларды жылуулук менен камсыздоо маселеси каралгандан кийин сунуш-пикирлерге кезек берилди. Анын алкагында сөз алган «Республика — Ата Журт» фракциясынын өкүлү Бекболот Азибаев: «Урматтуу мэр, өзүңүзгө жакпаган кадрлардын иш ордун карасаңыз», - деп сунуш берди.

Ага мэр Таалайбек Сарыбашов: «Макул, мен карап берейин. Бирок кадрга Жогорку Кеңештин депутаттары кирише бербесин, айтып койгула», - деп жооп узатты.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Erke
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter