jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
2 ноября 2018, 09:43

Самара Каримова: Окуу жайды проект жазып, эки жылда гүлдөтүп коймокмун

 

Самара Каримова: Окуу жайды проект жазып, эки жылда гүлдөтүп коймокмун

 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 24-октябрь күнү Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалганы жана 30-октябрда жамаатка тааныштырылып, кызматына расмий киришкендиги маалымдалган.
Ал эми кечээ, 1-ноябрда Самара Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганын аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Самара Каримова аталган кызмат тууралуу өз оюн социалдык баракчасына жазып чыккан. 

"Менде баары жакшы. Ар бир нерсе кудайдан. Жаратканкан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын журогумдон кабыл алдым. Мен сынбаймын. 3балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне журогу-тоодой бийик болот. Онор адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына журогум ооручу. Зээриккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып 2жылда гулдотуп коймокмун. Ойчулдун оюу буткучо-тобокелчинин иши бутчу эле..... Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип ондоор.... умут кылам жана тилектешмин. Онор адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, корком жерде жашаса, окуса онор оорчубойбу.... Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман соз айтпай, кучак жайып тосуп алдыныздар мен сиздерге ден-соолук каалаймын. Озумдун кадырымды дагы бир жолу сездим! Мен деген оной адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим ,коп адамдын уйкусун бузат экен....кээ бир чон кызматта иштеген агаларымдын кокойу кайнайт экен. Бирок айтаарым , кучактап отурган креслодон кетээринер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен, мен деген элдин журогундо болсом керек . Атагым ааламга, даражам дуйного таанылгыча эмгектенем , оомин. Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куттуу, тогулгон дастарконумдан чай ичкиле! Коооооп соз бар эле,.... бирок менин мунозум аял болсом да эркекче! Бир айтам бирок кайтпаймын! Озумдун оюм менен жашаймын! Жакшы соз жазып , жакшылык каалаган замандаштарым , баарыныздарга чон рахмат! (текст өзгөртүүсүз берилди — ред.)».

Отправить новости WhatsApp News
Erke
2 комментария
  • Кылдыбай.
    Сага кызматтан жолун жок экен Умтулбай эле ырдап журо бер
  • Калыс
    азаматсын Самар сен аска зоолордо жаткан ак монгулуу тунук сууларды ичип чонойгон кызсын! Сен сынбайсын куйормандарын билет жана баалайт сенин талантынды Биз жакшы билебиз маданият чойросундо ото интрига чон экендигин! Ылайым ошол интригадан алыс бол Алыскы Кытай олкосунон сенин куйорманын Калыс

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter