jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
2 ноября 2018, 11:20

Депутат: Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын жетекчилигинен алууну фракция чечет

 

Депутат: Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын жетекчилигинен алууну фракция чечет

 

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты. Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна “Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов төмөнкүдөй жообун билдирди.

Турускуловдун айтымында, Иса Өмүркуловду фракция жетекчилигинен алууну ошол фракциянын мүчөлөрү чечет.

“Буга чейин деле Кожобек Рыспаевди КСДПдан чыгарышпады беле. Партиядан чыгарууну партиянын саясий кеңеши карап чыгуусу керек, бул ошол көпчүлүк добуш менен чечилген маселе. Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын жетекчилигинен алуу үчүн фракциянын отуруму болуп, ошол жерден колдоо тапса жетекчиликтен алынат же калат", - деди Турускулов.



Отправить новости WhatsApp News
Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter