jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
6 ноября 2018, 09:42

Депутат: Министр Самара Каримованы кызматтан алганы туура эмес. Бул адамгерчиликке жатпайт

 

Жогорку Кенештин депутаты Махабат Мавлянова ырчы Самара Каримованын Оштогу музыкалык окуу жайдын директору кызматынан алынышын туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Мен ачыгын айтсам Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да корушо элекмин. Ар кандай булактардан , соцсеттен ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын коруп калбасам..,. Бирок мен айтар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай оркундотуу учун куну-туну эмгектенип, мээнетин кетирип , элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканын, кааласан каалабасан да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсен да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери озунун гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чон таалыкпаган эмгек турат. 
Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура кордум эле. Себеби эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык корсото алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 кундон кийин кызматтан алып салганы адамгерчилике деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда созсуз жакшы жакка озгортуу жасай алмак",-деп жазган депутат.

 

Депутат: Министр Самара Каримованы кызматтан алганы туура эмес. Бул адамгерчиликке жатпайт

Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter