30 ноября 2018, 14:51

Мирбек Атабеков: Эч кимди менден үлгү алып, устукансыз той өткөрүүгө үндөбөйм

 

Мирбек Атабеков: Эч кимди менден үлгү алып, устукансыз той өткөрүүгө үндөбөйм

 

Кыргызстандын интернет айдыңында ырчы Мирбек Атабековдун устукан тартпай өткөргөн тою талкууга алынып жатат.

Ал 27-ноябрда, борборубуздагы тойканалардын биринде кызы Ыймандын бешик тоюн жана уулу Адамга сүннөт той өткөргөн. Андан соң социалдык тармактын айрым колдонуучулары ырчынын элге жакшы үлгү болгонун жазып чыгышкан эле. Бирок, кээ бир колдонуучулар бул пикирди колдошпой, устуканга кетпеген акча башка нерсеге кеткенин айтып жатышты.

Ырчы өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон.

"Эгер үлпөт той же юбилей болгондо сөзсүз түрдө устукан тартылмак. Бирок бул балдардын майрамы болгондуктан жылкы союу зарылдыгы болгон жок. Андан көрө ал каражатты муктаждарга бергеним жакшы. Негизи өзүм устукан тартуу керек деп ойлойм, анын өзүнүн философиясы бар — устуканга жараша адамдын статусун билүүгө болот. Бирок майда майрамдарга устукан тартуунун кажети жок деп эсептейм", — деди Атабеков.

Ырчы тойдо кой союлуп, аксакалдар чакырылып салт сакталганын билдирди. Ошондой эле эч кимди андан үлгү алууга чакырбай турганын кошумчалады.




Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter