4 декабря 2018, 15:44

Улугбек Кадыров: "Делбирим" тасмасын алгачкы жолу Бишкектен көрөм

 

Улугбек Кадыров: "Делбирим" тасмасын алгачкы жолу Бишкектен көрөм

 

Өзбек актёру Улугбек Кадыров "Делбирим" тасмасын биринчи жолу эртең Бишкектен көрөт. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда өткөн пресс жыйында билдирди.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмада Байтемирдин ролун аткарып жатканыма кубанычтамын. Мен өзбек элинин атынан сиздерди да куттуктайм. "Делбирим" тасмасынын Ташкент шаарында болгон бет ачарына ден соолугума байланыштуу бара албай калгам. Эми тасманы Бишкек шаарынан көрөм", - деди актёр.

Ошондой эле ал азырынча кыргыз киносуна тартылуу боюнча сунуштар түшө элек экенин айтат.

"Мен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын институтта окуп жүргөндө агайымдын сунушу менен окуп калдым. Мага "Жамийла" повести абдан жаккан. Аны ушунчалык эргүү менен окугандыктан жыл бою ошол повест тууралуу ойлонуп, бир башкача дүйнөдө жүргөм. Ошондой эле "Кызыл жоолук жалжалым" повестин да окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин", - деди Улугбек Кадыров.



Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter