5 декабря 2018, 12:02

Оштогу окуучу кыздар мушташкандыгы үчүн милиция кызматкерлери жазага тартылды

 

Оштогу окуучу кыздар мушташкандыгы үчүн милиция кызматкерлери жазага тартылды

Видеодон алынган кадр

 

Ошто окуучу кызды экинчи кызды сабап жаткан видео тарагандан кийин облус милициясынын коомдук тартип кызматынын бир нече кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Ошто көчмө жыйын өткөрүп, өспүрүмдөргө тиешелүү мындай окуялардын алдын алуу үчүн ишти күчөтүү керектигин айтты.

Окуя 21-ноябрь күнү болгон. Анда Ош облусундагы мектептердин биринде 11-класста окуган кыз жабыркаган. Ал эми сабады деп шектелген 16 жаштагы кыз Кара-Суу районунун мурда эки ирет соттолгон (уурулук жана бейбаштык боюнча) тургуну экени белгилүү болгон.

Учурда райондук милиция уурулук фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле кызды апасы жалгыз тарбиялаганы жана ал эч жерде окубай турганы белгилүү.

 

Эскерте кетсек, 4-декабрь күнү социалдык тармакта бир өспүрүм кыз экинчисин сабап жаткан дагы бир видео тараган. 


Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter