8 января 2019, 12:30

Ноокатта үч адам каза тапкан кырсыктын видеосу жарыяланды (Видео)

 

6-январ күнү саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, Ноокат районунун Өрнөк айылында Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан Сузак районунун 1986-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада үч жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

Мындан сырткары, «Тойота Эстима» унаасынын айдоочусу денелеринен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Учурда Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter