Милиция кызматкерлери жол четинде тамеки тартып жатканы тартылган видео интернетке тарады. Анда алардын бири улам-улам жерге түкүрүп жатканын жана анча алыс эмес жерде май куюучу жайы жайгашканын көрүүгө болот.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Карима Аманкулова Super.kg агенттигине билдиргендей, учурда алардын аты-жөнү такталууда, териштирүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөт.

Маалым болгондой, видео 8-январь күнү Бишкектин четиндеги ГЭС-5 районунда тартылган.

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. 


Banner
1 комментарий
  • Кg
    Эми королу 5 жолу туккрду 87500 сом толойбу же жокбу

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter