10 января 2019, 13:01

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматынан кетти

 

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматынан кетти

 

Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындай маалымат Султановдун сөзү менен федерациянын сайтында жарыяланды. Анда белгилүү болгондой, мындай чечим 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында белгилүү болгон.

Семетей Султановдун ордуна биринчи вице-президент Дастан Конокбаев федерация башчылыгынын убактылуу кызматын аткаруучу болуп шайланды.

Семетей Султанов 2012-жылы 7-декабрда алгачкы мөөнөткө шайланган болчу.

"Урматтуу мекендештер, урматтуу достор жана ушул спорттун керемет түрүн өнүктүрүү үчүн салымын кошуп иштеп келген адамдар. 2019-жыл абдан жемиштүү башталды. Эң башкысы катары биздин өлкөнүн командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуусу. Бул тарыхый окуя болуп калат. Биз качандыр бир кезде бул ийгилик жөнүндө кыялдана алчу дагы эмеспиз. Эми бүгүн минтип биздин команда Азия Кубогу үчүн таймаш талаасында ойноп жатканда абдан жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алып жатам. Бул чукул эле чыга калган чечим болгон жок. Мен буга даярданып жүргөм, эч кандай мажбурлоо да болгон жок. Биз бул кадамды биздин команда Азия Кубогу үчүн мелдеш жүргүзүп жаткан учурга даярдаганбыз. Ошол учур келди, футболчуларыбыз Кубок үчүн таймашып жатышат. Бул биздин футболду өнүктүрүүнүн 1-этабын соңуна чыгаруу деп кабыл алсак болот", - дейт Султанов.

Белгилей кетсек, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Читатель
    Теперь наверное уволят обнаглевшего совсем и нескромного начальника УВД Октябрьского района Улана Султанова! Слишком много на него жалоб со стороны народа и подчиненных

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter