10 января 2019, 15:46

Жогорку Кеңештин депутатын "антикытай" митингин уюштурду деп күнөөлөп чыгышты. Депутат өзү эмне дейт?

 

Жогорку Кеңештин депутатын "антикытай" митингин уюштурду деп күнөөлөп чыгышты. Депутат өзү эмне дейт?
7-январь күнү борбор калаада өткөн кытай жарандарына каршы митингдин артында экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина жана экс-депутат Мээрбек Мискенбаев турат.
Мындай билдирүүнү FB тармагына “Трибуна” аттуу группа тараткан.
Автордун жазганына ылайык, Ирина Карамушкина митинг өтүп жаткан жакта байкалса, Мээрбек Мискенбаев бетин жаап алып, чогулгандар менен кошо жүргөнүн далилдеген сүрөт, видеолор бар.
“7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, анда кытайларга каршы пикирлер айтылган эле. Ошол эле учурда иш-чаранын айрым катышуучулары акциянын максатын башкага буруп, түз эле президентти айыптай баштаган. Мунун себеби да кийинчерээк белгилүү болду. Көрсө “антикытай” деген ураанды жамынган бул митингди экс-президент Алмазбек Атамбаев уюштурган экен. Мээрбек Мискенбаевдин ошол жерде бетин жаап жүргөнү менен тастыкталган. Мискенбаев митингде сөз сүйлөбөсө дагы, ошол митингчилерден бир аз окчунураак туруп алып, сүйлөп аткандарга баам салып, айрымдарына команда берип турганын тастыктаган фото,видео далилдер бар.
Эң кызыгы бул митингге Ирина Карамушкинанын сыртынан баам салып турганы болууда. Ал митинг болуп жаткан аймактагы китепканын жанында небересин жетелеп, эс алып жүргөндөй түр көрсөтүп, айрымдарына кол жаңсап, акырын жер төлөдөгү ашканага кирип кеткенин көргөндөр бар. Ал жактан айрым катышуучуларга акча таратканы боюнча да сөздөр айтылып жатат. Мына ушул фактынын өзү эле 7-январдагы митингдин башында Атамбаев турганын дагы бир ирээт далилдейт»-, деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына митинг тууралуу кечинде гана билгенин жана эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
“Мен неберелерим менен борбордук балатыны көргөнү чыккам. Чогулуп турган элдерди көрүп, ойноп жатышса керек деп ойлоп койгом. Андан фотосалонго кирип, үйгө кеткенбиз. Митинг тууралуу кечинде гана уктум. Менин акча тараткандыгым тууралуу маалыматты кайдан алышты билбейм. Уюштуруучулардан сурап көргүлө мени ал жактан көрүшсө, тастыктап беришсин”-, деп билдирген Карамушкина.
Белгилей кетсек, 7-январь күнү Бишкектин борборундан 200дөн ашык жарандын катышуусунда митинг өткөн. Чогулган эле кытай жарандарына кыргыз жарандыгын берүүгө каршы экендигин билдиришкен.
Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter