11 января 2019, 16:49

Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

 

Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, көрүлүп жаткан чаралар жана 2019-жылга карата пландар талкууланды.

Финансы министри республикалык бюджетке салык жана башка кирешелер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо экономиканын жана салык салуу режимдеринин бардык факторлорун эске алуу керектигине көңүл бурду.

 

Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

 

Ал финансылык тартипти бекемдөө, министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин балансын камсыз кылуу фискалдык тобокелдиктерди азайтуу боюнча маанилүү чаралар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Президент бюджеттин аткарылышын 2018-2040-жылдары КР Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык ишке ашыруу милдетин койду.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter