jump to https://bit.ly/2UlpJnf /

 

 

"Азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конду", - мындай пикирин бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

 

 "Орточо эсеп менен алып көрсөк ар бир өкмөт 9 ай иштейт экен. Биздин азыркы өкмөт да 9-айында иштеп жатат. Ар бир өкмөттүн өзүнүн мөөнөтү жана эл тарабынан берилген дөөлөтү болот. Мындайча айтканда аты болот. Данияр Үсөновдун өкмөтү "акжолчу", Роза Отунбаеванын өкмөтү "убактылуу өкмөт", Өмүрбек Бабановдун өкмөтү "коалициялык өкмөт", Сапар Исаковдун өкмөтү "технократтык өкмөт" деп аталган. Азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди. Кечээ түкүрүккө болгон "айып пулдун өлчөмүн азайтабыз" деп айтышыптыр. Мейли азайтсын, башкаларынчы? Дүйнөдө бир да мамлекетте түкүрүккө айып салган мамлекетти көргөн жокмун. Туура айып пул болуш керек, бирок айып пул айлыктан жогору болбош керек. 5 миң сом пенсия алган чалга барып, түкүрдүңүз айып пул төлөңүз деп айтып көргүлөчу жерге эмес бетке түкүрөт. 10 миң сомдук Москвич унаасын айдап жүргөнгө 17 миң сом төлө деп айтып көргүлөчү "урдум" деп басып кетет. Биз ушундай мыйзамга көнүшүбүз керек деп айтып жатышат. Биринчи элге 30 миң сом айлык бергиле анан 10 миң сом айлык салгыла. 10 миң сом пенсия берип 2 миң сом айып салгыла. Ошондо эл түкүрбөйт. Азыр болсо эл бийликтин бетине түкүрөт", - дейт Момбеков.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
4 комментария
  • Читатель
    Слабое и абсолютно некомпетентное Правительство подставляет Президента! Пора бы отправить в отставку, вместе с Жогорку Кенешем и набрать новых грамотных, толковых и перспективных людей
  • Надыр
    Момбеков тантый берет мен өкмөттүн мыйзамын колдойм.
  • 123
    Момбеков эркек
  • педагог
    Чон рахмат .Ушул момбеков айтканына толугу менен кошулам. Биринчиден ушундай закондорду чыгаарардан мурун элдин акчасын алып качып кеткен мамлекетке миллиондоп зыян келтирген качкындардан кантип кайра акча ондуруп алып казынаны толтура турган закондорду ойлоп табышса болмок.Ушул закондорду жазып окмотко алып келген тукурук авторлордун атын элдин алдына алып чыгып кыргызтанды бир кыдырдып келсениздер жакшы болот эле.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter