jump to https://bit.ly/2kT0I2R

В рамках совместного проекта информационного агентства «Кабарлар» и посольства КР в Малайзии, определен победитель конкурса лучших сочинений « Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал».

Победителем стал 8-классник города Балыкчы Иссы-Кульской области Жумадил Мунайтпасов. 14-летний Жумадил ученик 8-го класса школы-гимназии №4 города Балыкчы.

Сегодня для Жумадила, отобранного среди 93х участников конкура особый день. Ему в этот день исполнилось 14 лет. Утренние радостные вести привели в восторг не только Жумадила, но и маму Махабат Бейшеева. Жумадилв школе пополняет ряды прилежных учеников. Помогает маме по дому и является примером для подражания своим младшим братьям. Во время летних каникул Жумадил вместе с братьями сдает на прокат зонты и пляжные приборы отдыхающим.

14-летний Жумадил Мунайтпасов, победивший в конкурсе лучших сочинений проведет зимние каникулы в Малайзии (Видео)

Сочинения победителя без изменений.

 

«Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм»

          Кыргызстан картада кичинекей болгону менен, келип көрсөң абдан кызыктуу, кооз жер. Элинин меймандостугу, ынтымактуулугу жана кичипейилдиги башка элдердин мүнөзүнөн өзгөчөлөнүп турат.  Кыргызымдын жети дубаны бар. Ар бир дубандын өзгөчө сонун жактары бар. Алар  Ысык-көл, Нарын, Ош, Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Талас. Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, толкуса толкунуна мен ортокмун,- деп Алыкул Осмонов атабыз баса белгилегендей, Ысык-Көл касиеттүү бир акак мончокко окшоп мөлтүрөп жатат. Тегерек четинде  аска-зоолуу, ак мөңгүлүү, карагайлуу  капчыгайлар курчап турат. Көптөгөн пансионаттар,  эс алуучу жайлар, минералдык булактар бар.Тоо-токойду жиреп өткөн Нарын дайра,  Жарык менен камсыздайт элди кайра- дегендей, Нарыным төрт түлүк малдын түрүнө, эт, сүт, айран, май, кымызга абдан  бай  келсе, Сары-өзөн  Чүйүбүз жашылча-жемиш менен элибизди камсыздап турат.  Борбор  калаабыз Бишкек  да  ушул  жерде  жайгашкан. Андан  ары  Төө-Ашууну  ашсак  эле Манас атабыздын кичи мекени Талас. Таластын эли  да  эмгекчил, меймандос келет. Айтылуу Сулайман Тообуз  жайгашкан  түштүк борборубуз  Ош шаарын, өрүкзарлуу, Айгүл тоолуу Баткенди, Сары-Челек, жаңгактуу Арсланбабды  кучагына  алган  Жалал-Абадды  көрбөсөм  да,  сулуулугун көкүрөгүм  менен  сезип  турам.  Төрт  түлүк  малыбыз, көз мелжиген жайлоолор, шаркырап аккан сууларыбыз,  аскалары  асман  менен кучакташкан мөңгү баскан тоолорубуз, алардын коюнунда байырлап жүргөн аркар, кулжа, бугулар, ак илбирс, аюу, жана бүркүт, ителги сыяктуу куштар, карагайлуу  чер токойлор биздин  жерибиздин түгөнгүс байлыгы.

 

         Мен дилбаянымдын ушул жерине чейин кыргыз жеримдин кооз жаратылышын сүрөттөп жатып, өзүм аралап жүргөндөй элестетип, көп байлыгыбыз бар турбайбы деп кубануу менен жазып жаткам. Карагайлар,  токойлор  жөнүндө жазууга келгенде, жакында эле сыналгыдан көргөзгөн Ысык-Көлдүн карагайлуу токойлорун кыйып, ташып, жок кылып жаткан өзүбүздүн эле аталарыбызды, агаларыбызды эстеп, зээним кейиди. Алар башка жактан  Россия же  Казакстандан келип уурдап жаткан жок да! Чыңгыз атабыз көрөгөчтүк менен көрө билген «Орозкулдар» дагы эле «Нургазылардын» тилегине балта чаап жатышпайбы! Табигый байлыктарыбызды бир кишидей бекем туруп коргоп алсак, кыргыз жерибиздин гүлдөп-өсүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, мен жашаган керемет Ысык-Көлүбүздү дүйнөнүн төрт бурчунан келип ырахаттануу, суктануу менен эс алып кетип жаткан туристтерди көрүп,  жерибиздин кереметтүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым.

Мен жайкы каникулда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү  «Аврора» эс алуу жайында иштедим. Байкем көлгө түшүүчү баллон-матрастарды, катамарандарды, күндөн коргоочу чатырларды алып берип, көл жээгине тургузуп койду . Менин  милдетим  аларды  эс  алуучуларга  арендага  берүү,   1 саатка 100 сом. 28 баллонду берип, кайра акчасын алып чогултуу керек. Дагы 2 катамаран бар. Аны сууга киргизип,кайра жээкке чыгарып туруш керек. Ошентип, көл жээкке  жипсиз байландым. Эч жакка басып кете албайсың . Апамдын жанынан чыгып көрбөгөн жаным, араң эле чыдадым. Мен башында уялып жаткам, бирок, ошол  жерде жүргөн кенедей балдар жүгөрү, балык, сок көтөрүп алып сатып жүргөндөрүн көрүп, намыстандым.  Алар өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, ата- энесине жардамберип, өздөрү үчүн акча таап , жанталашып,  иштеп жатышты.Менден 3 жаш кичүү иним ыйлап жатып үйгө кетип калды. Мага болсо артка жол жок. Ошентип, жумуш башталды. Эртең менен эрте туруп, тамактанып алып көлгө жөнөмөй. Бакка байлап кеткен баллондорду, катамарандарды сүйрөп  көлгө алып чыгып коюп, эс алуучуларды күтмөй. Орусча көп сүйлөбөгөндүктөн, билсем деле башында орусча сүйлөй албай, көп акча кармабагандыктан акчанын артканын кайрып бере албай, тез санай албай көпкө кыйналдым. Айрыкча чет өлкөлүктөр келгенде же англисче, же кытайча жакшы окуп, билип албай деп абдан өкүндүм. Бизди мектепте бекер окутса да, ошону пайдаланып, үйрөнүп албагындыгым үчүн уялдым. Анан «местный» балдар келип тийише баштады, таяк жедим бирок эч кимге айтан жокмун. Сезондун аягында алар менен дос болуп калдым. Жеңем күндө кечинде канча канча акча тапканымды эсептейт. Байкем өзү дагы башка пляжда иштеди. Акчаны катпай, алдабай, ар кайсыга  коротпой ,«честный» иштешимди талап кылды. Ошентип, сезон бүтүп, кирешебизди санадык. Байкемдер мебель жасоочу цех ачты. Мага 8000 сом тийди. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу акча кармап, өзүм иштеп тапкан акчаны кармаган күнүм болду. Мектепке даярданып, базарга барганда бардыгын өзүм сатып алдым. Апам үйдө жалгыз иштегендиктен, аябай сүйүндү. Буларды айтып жаткан себебим, ар бир  адам өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн кандай иштесе     мамлекет үчүн да ошондой аракет кылса,бат эле экономикабыз бутуна  турмак .

             Бир күнү күн бүркөлүп , эс алуучулар чыкпай, жээкте иштегендердин маанайы түшүп калды. Ошондо эски катамаранымдын ичине отуруп алып ойлондум. Балыкчы шаарына эмне үчүн туристтер көп келбейт?  2015-жылы февраль айларында  «Мосфильмден» кишилер келип , « Алтын балык» деген киного тартыласың деп, бир топ балдарды тандап алышты.  Анда 1941-45-жылдардагы Ата мекендик согуш учурунда орус жергесинен эвакуацияланып келген орус балдардын кыргыз айылындагы окуясы, алардын өз ата-энелерин күткөндүгү,кыргыз-орус балдардын уршканы, кайра достошкондугу жөнүндө баяндалат. Сьемка башталды. Москвадан келген башкы ролдогу бала эркелеп,чыр салып, бир күнү калп эле ооруп калып, бизди аябай убара кылды.Мен анын досунун ролундамын. Кыргыз балдар режиссер айтканын айткандай кылып, бат эле илип алып аткарып жаттык. Фильмдин режиссеру Александр Галибин кетээринде:«Кино тартууга согуштан кийинки мезгилдегиге окшош жер издегенде, эмнегедир мага Балыкчыны сунуш кылышты. Биздин сценарийге абдан туура келген жер экен. Бозоруп, чаң учуп, шамал болуп  турат. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Бирок,балдар, азаматсыңар. Аябай тартиптүү, улууларды сыйлаган, элпек,  жөнөкөйлүгүңөр жакты» -деди. Мен «согуштан кийинки жылдарга окшош шаар экен» дегенине чычылап,андай эмес ,азыр кыш да, жайында келип көрсөңүз,Чолпон-Атага,Жети-Огүзгө барсаңыз»-десем,  «Когда будут возможности , я объязательно приеду» деп, коштошуп кетишти.  Ичимден ойлондум.Эгерде Галибин жайында Балыкчыга келсе ,эмнени көргөзөм? Эмнеге биздин пляждар «Аврораныкындай» эмес? Шаардын пляждары кир, таштандылар толуп, жагымсыз жыттар болуп турат? Туристтерге көргөзүп, мактанчу жерибиз да жок. Шаарда музей бар, бирок иштегенин көргөн эмесмин. Шаардын чеке-белдеринде чоң-чоң имараттар жабык турганын көргөм. Ары бери өткөндө бул эмне? –десем,апам, -Бул нан заводу болчу, бул элеватор, а бул эт комбинаты, бул оргтехника заводу эле, а бул эски кинотеатр, киного билет алып кирчүбүз- деп айтып калат. Азырчы? Кафелер, дүкөндөр, 3-4 спорт клубдары, эски базар, жаңы базар, анан чакан ишканалар иштейт экен. Кыялымда Балыкчы шаарына кирип келе жаткан жерине Ысык-Көлдүн дарбазасын курсам дейм. Балыкчы шаары бекеринен тогуз жолдун тоому деп аталып калбаса керек. Балыкчынын ичиндеги жолдор оңолду, эми Балыкчы-Каракол, Күңгөй-Тескей тегеренме жолдорубуз  президентибиз Атамбаевдин күчү менен оңдолуп  башталды. Тамчыда эл аралык аэропорт ачылды. Бул туризмдин мындан ары өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем.

          Менин кыялымда Балыкчынын кире беришинде жалаң алты канат ак өргөлөрдөн турган боз үйлөр комплекси  жайгашса, атайын чет өлкөлүктөр үчүн ар бир боз үйдө кыргыздын дасторкону жайылып, улуттук суусундуктар, эжигей, курут, быжы, беш бармак, сары май, жаа бөйрөк, таш кордо сыяктуу тамак-аштар даярдалып турса. Бир боз үйдө «Манас» айтылып, бир боз үйдө күүлөр чертилсе ,эшикте алабакан селкинчек орнотулуп, жаш балдар чүкө ойноп, апаларыбыз өрмөк согуп, шырдак шырып, ата-агаларыбыз ээр, комуз чаап устачылык кылса... Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, сувенирлер сатылса… Бир жагында тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш сыяктуу оюндар ойнотулса… Бул жерге токтогон турист  элибиздин нукура жашоосун чагылдырган  комплексте эс алып, улуттук  суусундуктардан жутуп, даамдуу тамактанып, чери жазылып, андан ары керемет көлүбүздү карай жолун уламак. Ошол жерде иштеген кызматкерлер кароолчусунан тартып бардыгы улуттук кийим кийип тейлесе, чет тилдерди мыкты билсе абдан жакшы болмок.Муну менен биз кыргыз элинин нукура кыргыз кийимдерин, улуттук тамак-аштарын, кол-өнөрчүлүгүн, искусствосун, улуттук оюндарын жана эң башкысы кыргыз элинин меймандостугун көргөзмөкпүз. Комплекске кирүү үчүн билет сатылмак. Бул комплекстти «Кыргыз конушу» деп атамакмын. Анан жайында «Аврорага» барбай эле Балыкчыда иштемекмин. Балыкчылыктар көбү жумуш менен камсыз болмок. Андан кийин Александр Галибинди «Кыргыз конушу»деген кино тартууга чакырмакмын…

        «По чем за час?»- деген үндөн улам өйдө карасам , күн  алтын кумдарга  мээримин чачып ,  жээкте  күндөгүдөй   шаңдуу жашоо уланып,  жанымда   көлүбүздү суктануу менен  жылмайып  карап, алтын чачтуу  эс алуучу кыз туруптур.  

                 Менин Кыргызстаным!  Менин Мекеним!  Менин турагым! Менин сыймыгым!  Менин алтын уям! Менин байлыгым! Сенин бир тамчы сууңду кор кылбайм! Сен үчүн кызмат кылам! Сенин гүлдөп өсүшүндү чын дилимден каалайм! –деп, жүрөгүм дүкүлдөп  согуп, шашып- бушуп катамаранды көлгө киргиздим …

 

Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, 

4 гимназия мектебинин 8- «б» классынын

Окуучусу   Жумадил Муңайтпасов

Сынакты уюштуруп жаткан  Кылычбек  Султановго  окуучулардын  мекенчил сезимин ойготуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!" 

 

Напомним, 17 ноября 2015 года посол Кыргызстана в Малайзии совместно с представителями СМИ провели конкурс лучших сочинений на тему «Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал» среди учащихся средних образовательных учреждений Иссык-Кульской области. В связи с этим, до 17 декабря текущего года в редакцию ИА – «Кабарлар» поступали сочинения от учеников Иссык-Кульской области. В результате было принято более 100 работ учеников. В следующий раз совместно с посольством КР в Малайзии конкурсы будут проводится и в других областях страны, в том числе и в городе Бишкек.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nursuluu
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter