jump to gc.kg
13 апреля 2017, 13:38

Ширин Айтматова Борис Бирштейнди Кыргызстанга кимдер алып келгенин билип туруп сайрабайбы?

Гений адамдан гений балдар төрөлбөйт деген ак сөз окшойт. Дегенибиз, калеми менен дүйнөнү багынтып, кыргызды Жер жүзүнө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун балдары мыкты чыккан жок. Бул табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшүдүр, бирок, ушундай улуу инсандын балдары атасынын арбагын сыйлап эл алдында сүйлөсө акыйкат кепти гана оозанса туура болмок. Бирок, Айтматовдун Ширин деген кызы таптакыр тескери кетип, ар кандай жоруктары менен элди иренжитип келет.

Ширин Айтматова Борис Бирштейнди Кыргызстанга кимдер алып келгенин билип туруп сайрабайбы?

Өмүрбек Текебаевдин шарапаты менен парламентке депутат болуп артынан ушак үзүлбөдү. Мүлтө кыргызча ооз ачпаган Ширин кызыбыз жыйындарда телефон чукулап гана элге жек көрүнсө, кайсы бир депутаттын жардамчысынан никесиз төрөп уят болгону тар чөйрөдө айтылып жүрөт.

 

Эми дал ушул Ширин айым Садыр Жапаровдун таламын талашып, аны жактап, мактап маек бериптир. Сөз арасында “Кумтөр” маселесин оозанып, кылмыштуу келишимдерге Кыргызстандын бир топ адамдарынын күнөөсү барын айтыптыр. Мунусу туура. Бирок, Ширин Чыңгызовна кыргыздын алтынын келемиштей ташыган Бирштейн деген немеге токтолгон эмес, аны Кыргызстанга кимдер жетелеп келгенин айткан эмес. Мүмкүн “чунак кыз” аны билбестир.  Билсе биз эскертип коёлу.  “Камеконун” келип калышына, эл аралык аферист Борис Бирштейндин тайраңдашына Шириндин агасы Санжар Айтматов менен Чыңгыз Айтматовдун тиешеси бардыгы ачык айтылып жүрөт. Муну экс-депутат Кубанычбек Исабеков да “Азаттык” үналгысына тастыктап берген. “Чынында “Кумтөрдүн” башталышы Санжар Айтматов жана Чыңгыз Айтматов менен байланыштуу. Ошол кишилер Бриштейнди алып келген. “Камеко” компаниясы дүйнөлүк уран боюнча компаниянын үчтөн бири. Кыргыздын алтынын ушул жерден жөнөкөй жол менен чөнтөгүнө толтуруу көрүнүп тургандан кийин алар ошолорду алып келген”, - деген эле К.Исабеков.

 

Буга чейин айрым маалымат каражаттары “Кумтөрдө” Айтматовдордун да үлүшү бар экенин жазып чыккан эле. Эми ушундай көрүнүштөн кийин Ширин Айтматова оозун жаап эле отурса болмок. Минтип отурса маркум атакесинин абийирин төгүп албайбы? 

Айбек Медетов
6 комментариев
  • каган
    Кумтордун айынан кыргыздын чыгаан уулу Насирдин Исановту олтурушкон ага тузмо туз Айтматовдордун,жана былжыр Акаевдин,Усубалиевдердин тиешеси бар.
  • nona
    Политиктер бир биринерге жалаа жаап, эми биздин улуу кыргыз элин тааныткан жазуучуга учурунар жеттиби? Озундун кемчилик сабатынды коргозуп атасын. Кайда баратасынар, кыргыздар, токтоткула, артынарды карагыла, ушинтсенер, силерди башка жырткычтар жеп коет!
  • Калыс
    Татынакай билимдуу кыргыз кызыбызга анын жеке жашоосуна асылдынбы.же ушакчысынбы уят.
  • Калыс
    Эми татынакай билимдуу кызга анын жеке жашоосуна асылдынарбы.?
  • Критик
    Жамандайт десе эле жамандай бересинерби,Ширин айым калыстыкты,чындыкты суйлоп жатат,Садыр Жапаров деле чындыкты суйлоп келген... Же Садырды жактап суйлоп койсо эле жаман болуп калабы?! Баарыбыз кемчиликтYYбYз... Идеал политик барбы?!
  • КОКУЙ
    Ширин озу да ширин созу да ширин Айтматовтун тарбиясын алганы билинип эле туратко чындыкты айтат ар дайым МАНКУРТАР,

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter