jump to gc.kg
Бишкек шаарында жайгашкан Дордой базары өзүнчө бир мамлекетке айланган. Бул жерде өзүнүн мыйзамдары, эрежелери бар. Жаӊы келген сатуучуга тосколдуктар көп болот экен - деп "Дордой" базарында жаңыдан иштеп баштаган Салима Медерова "Кабарларга" билдирди.  
 
Анын айтымында, мындан жарым жыл мурун "Дордой" базарынан корея улутундагы аялдан контейнер ижарага алган. Бирок көп өтпөй ал контейнерди базардын кароолчулары кулпусун талкалап, башка кулпу салып коюшкан. Андан сырткары базардын кароолчулары Медерова Салиманы өзүнүн ижарага алган контейнеринин ичинен товарларды уурдап алдын деп айыпташып коркутушкан.
 
Бирок, С.Медерованын айтымында ал аталган контейнердин ижарага алып жаткан учурда ичинде бир дагы товар болгон эмес.
 
"Мен корея улутундагы аялдан ижарага алып жатканда, баарын мыйзам чегинде келишим аркылуу жасаганбыз. Андан кийин контейнерди алганымда ичи бош болчу. Эч кандай товарлар жок болчу. "Дордой" базарында өзүнүн гана адамдарын иштетишет экен, башка жактан мага окшоп келген адамдарга аябай жаман мамиле кылышат экен. Базардын кароолчулары биз жокто контейнерлердин эшиктерин ачып кийимдерди уурдап алышат экен. Билинип калбайс үчүн алар бирди же экини гана алышат экен. Бул жерде өзүнчө эле мафия болуп алган. Мыйзам чегинде иш туталы десем, бул жер жеке ишкана, эч нерсе кыла албайсын дешет. Андай болсо бийлик эмнеге иштеп жатат? мыйзамдын эмне кереги бар анда? Мен бул суроо боюнча прокуратура, РОВД жана базардын ээси Жумабек Салымбековко кайрылсам эч кандай пайда чыккан жок" - деп билдирди Салима Медерова.
 
 
Бул окуя жарым жылдан бери бүтпөй уланып келе жатканын кошумчалаган Салима Медерова, бийлик жактагыларды кийлигишип жардам берүүсүн суранат. Анын айтымында "Дордой" базарына соода кылганы келгенине аябай окунучтүү болуп эмне кылаарын билбей жаткан учуру.  
 
 
Отправить новости WhatsApp News
Aisuluu
2 комментария
  • анонимно
    Эженин коп созу чындыкка окшобой калды Ото эле жамандап жиберди окшойт" Мурдакы бийлик учурунда куноолорун билип кечирим сурашчуу эле " -деп айтканына караганда эжеде ушундай иштер коп болгондой сезилет
    1. Анонимно
      Сен жанын да болбогонуңдан кийин, бул жерде олтуруп алып оозуңа келгенин оттой берген абдан аянычтуу
      Бул эженин башына түшкүн түйшүк, сенин да башыңа келсе ошондо гана түшүнөсүң сен
      Бийлик тараптан карапайым элге болгон мамилелери жана мыйзамдар 60% иштебейт
      Мыйзам өздөрүнө гана иштейт элди ойлогон бир да Киши жокко бийликте!

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter