jump to gc.kg
7 августа 2017, 14:58

Кыргызстанда жаңы үй-бүлөлүк кландык режим орнотулушу мүмкүнбү?

Акаев жана Бакиевдердин үй-бүлөлүк кландык башкаруусу жана кыйроосунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды, бүтүндөй көөнө журттун бетине көө жаап, психологиялык жактан жабыр тарттырды десек да болот. Акаев менен Бакиев мамлекет башчысы катары жакшы эле иштеп жатышкан, баарысын кылган алардын жакындары деп тактыдан кулатылган президенттерди актап, эстен кете элек кечээки окуяларды оңдоо аракеттери канчалык жасалбасын, калайык жаңы үй-бүлөлүк башкаруунун пайда болушун каалабайт.


Куулган президенттер өз үй-бүлө жана жакындарынын курмандыгы болуп калды деген албетте, абдан эле таң калтыра турган аргумент. Арийне, бийлигибиздин кылын эч ким кыйшайта албайт деген алардын зор ишеними эки президенттин чексиз аракеттерине чек койгон. Мыйзамдарды буйлаланган төөдөй кайра-кайра буйтактатуу, Конституциянын беренелерин копшой берүү менен алар президенттик кызмат мөөнөттөрүн колдон келишинче узартып алууга аракет жасашкан, ар бир жолку бүткул элдик референдумдардан кийин диктаторлук укуктарга ээ болушкан.


Бирок, тарых өз жүрүшүн ойдо жок жерден өзгөртүп, бири Москвага, экинчиси Минскиге сүргүндөлдү. Ал эми алты жылдан бери эч кимге айтпаган бир билгени бар деп айыпталып, ал турсун тактыдан кулатылган Акаев менен Бакиевге тең катар коюуга аракет жасалып келе жаткан азыркы президент Алмазбек Атамбаев өзүн алардай эмес, салтта жок радикал жетекчи экендигин көрсөттү.

Албетте А.Атамбаевдин жүрүм-туруму жогоруда белгилегендей, Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиянын бүтүндөй аймагында калыптанган саясый каада салттын фонунда чектен чыккандай сезилет. Ал президенттик мөөнөтүн эптеп узартып алуунун ордуна, мамлекет башчысынын укуктарын кыйла өөнөп чектеген өзгөртүүлөрдүн Конституцияга киргизилишин колдоду.


Атамбаевге ар кандай баалар берилүүдө: айга теңегендер жок эмес, эпсиз каралагандар да бар. Бирок, Кыргызстандын эле эмес, мурдагы советтик Орто Азиянын саясый тарыхында ал алгачкы болуп өз ыктыяры менен жогорку кызматтан кетип жатат – бул аныгында эле бүткүл аймактагы саясый процесстерге таасир этүүчү тарыхый зор окуя. Ал эми Атамбаевдин жасаган кадамдарына баа берүү келечектин иши.


Саясатчылардын президенттик кызматка көрсөтүлө башташы менен ушул тапта өткөн доордун "караандары” менен "аяндары” жанданып жаткандай үй-бүлөлүк башкаруу орнотулабы деген кептер кайрадан айтыла баштады.


Бул жагдай мамлекет башчысынын кызматына потенциалдуу талапкер Сооронбай Жээнбековдун кадырына шек келтирүү жана коомчулукта терс маанай жаратуунун ыкмаларынын бири катары колдонулуп жаткандыгын баамдоого болот. Сооронбай Жээнбеков КСДПнын талапкери. Азыркы премьер бийликке келсе, үй-бүлөлүк-кландык режимди орнотот деген ой-жоромолдорго анын жатындаш бир туугандары жана башка жакын туугандары жем таштап жатат окшойт. Албетте, эзелтеден көп балалуу болуп келген кыргыз элинин салтынан караганда аргумент суу кечпейт, кыр ашпайт. Азыр бүлө саны өзүнөн-өзү эле чектелип, көп балалуу деген түшүнүк да кыйла өзгөрдү.


Эгер элибиз эки ирет башынан өткөргөнду эске алсак, президенттик жарыштын башкы фаворитин каралоонун бул ыкмасы ылайыктуудай сезилет. Арийне президенттикке талапкерлиги коюлуп жаткан талапкерлердин дээрлик бардыгы томолой жетим эмес экендигин айткан эч ким жок.


Негизи кыргызда адам тоголок жетим болушу мүмкүн эмес - сураштырса бир жакыны табылат. Анын үстүнө "эки кыргыз жолукса, карын бөлө болуп чыгышат” деген кеп бар эмеспи, сөзсүз туугандашып алышат.


Ошондуктан, президенттикке башка талапкерлердин арасында мындай ажырым жок деп эсептөө зарыл. Эгер бир туугандарынан, эже-сиңдилеринен жана башка туугандарынан үй-бүлөлүк-кландык режимдин эпкини сезилип турса, андай саясатчыны Бакиевдин же Акаевдин мураскору деп атаганыбыз туурадыр.


Маселен, Өмүрбек Бабановду, Темир Сариевди, Бакыт Төрөбаевди жана Сооронбай Жээнбековду алалы. Булардын ким экендигин төмөндөгү таблицага көз жүгүртүп, баамдоого болот. Үй-бүлөлүк –кландык режимди кыйытып тургандардын көз карашынан шарттуу түрдө Акаев менен Бакиевдердин трагедиялуу тажрыйбасын эске алуу менен клан башчысын, үй-бүлөлүк башкаруунун болжолдуу мүчөлөрүн аныктасак болот. Баамдап көргүлө...

Мүмкүн делген кландын башчылары

Үй-бүлѳлүк башкаруунун болжолдуу курамы (жакын туугандары)

Кыргызстанда жаңы үй-бүлөлүк кландык режим орнотулушу мүмкүнбү?

 


Үй-бүлөлүк-кландык режимди кыйытып тургандардын көз карашынаналганда, аталган талапкерлердин ар бири Акаев менен Бакиевдин баскан жолун кайталаганы турушат деп ойлосон да болот. Эскерте кетүүчү жагдай - бул таблица ачык колдонуудагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн, тактап айтканда, туугандык байланыштары толук эмес. Кыргыз үчүн мааниси жогору куда-сөөк, тайкелер сыяктуу эне тараптагы тууган-уруктар туурасында маалымат жок.


Байкасаңар, жогоруда көрсөтүлгөн саясатчылардын ар биринде Максим Бакиевдин же Айдар Акаевдин ролуна болжолдуу талапкерлер бар. Жаныш Бакиевдин же кулатылган президенттин андан кем эмес белгилүү жатындаштарындай болгусу келген ага-ини, эже-сиңдилер табылат.


Былыктуу кылыктары үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратылган "кыргыз элинин эрке күйөө баласы” Адил Тойгонбаевдин аялы Бермет Акаевадай кыздар деле бар экен.


Аталган саясатчылардын туугандарынын арасында ишкерлер бар экендигин белгилей кеткенибиз оң. Маселен, Бабановдун эжелеринин бири ийгиликтүү бизмеввумэндердин бири. Төрөбаевдин эки бир тууганы, карындашы жана жубайы да ун тартуу бизнесиндеги таанымал ишкерлерден.


Бир сөз менен айтканда, аталган талапкерлердин баарында үй-бүлөлүк-кландык режимдин потенциалдуу коркунучу катары эсептей турган кызыкчылыктардын кучак-кучак дестеси бар. Бирок, жогорудагы псевдологиялык схема элибиздин кермек даамдуу кечээкисине "кызыл кулактык” кылуу жана өткөндүн карааны менен алдыдагы президенттик шайлоодо фавориттердин бирин жулукка тебүүнү чечкен жармач саясый технологдордун жоромолдору боюнча кана чиймеленгендигин баса белгилейм.


Бирок, бул саясый технологдор жана үй-бүлөлук башкаруу жөнүндө алардын айткандарын кайталоодон тажабагандар бир олуттуу факторду – коомчулуктун аң-сезиминдеги жана өлкөдөгү артка бурулгус өзгөрүүлөрдү эске албай жатышат. Өлкөбүз аныгында эле өзгөрдү. Ал эми булар кудукка кулаганды тартып алгансып, талдын башындагы адамды куткарган грузин анекдотундагы каарманды эске салат. Келесоого ишенгендин натыйжасы кейиштүү аяктаган экен.


Албетте, айрым президенттикке таларкерлер тараптардан чыккан кыйытма кептер баары бир ойлонууга жем таштоодо. Бабанов, Төрөбаевдер талапкерлиги көрсөтүлгөн добулбастуу топ жыйындарда өлкөдөгү азыркы саясый система аларга жакпастыгы ачык болуп калды. Алардын пикиринде, президент үстөмдүк кылган системаны артка кайтаруу ылыйыктуудай, андан ары кеңири укуктарга ээ болуу кеп эмес. Бабанов мындай ниетин жакында эле болгон маалымат жыйында да тастыктады. Ал башкаруу системасы президенттик же парламенттик болушу зарыл деп айтты. "Мен президент болгондо бул маселе коомчулуктун талкуусуна коюлат. Президентттик же парламенттик республика болобузбу, аны референдумда эл өзү чечиши керек. Кыргызстан башкаруу формасын так тандап алмайынча, эч жакшылык болбойт”, - деди ал. Бабановдун кайра-кайра "мен президент болгондо" деп кайталаганы ага президенттик башкаруу жагарын далилдеп турат.


Эми бул кыялдар ишке ашпай турган нерсе. Ал болгону көпчүлүктүн көңүлү менен ойноп жаткан чагы. Балким бул кайрылып келбес саясый менталитеттин туткунундагы президенттикке талапкерлердин арышы кыска ой чабытыдыр. Эгер андай болсо, ал саясатчынын жеке азабы, ал турмуштан артта калган жана аягы жакшылык менен бүтпөйт.


Парламенттик башкарууга багыт алган системага балким эл дагы ыраазы эмес, бирок тирандын же бир үй-бүлөнүн бийлигине караганда артыгыраак экендиги анык. Тарыхый тажрыйба (Акаев менен Бакиевдин кейиштүү тагдыры) бардык балаа англиянын ханышаайымына айланып калдым деген президенттин арманынан башталарын көрсөттү. Кеңири укуктар берилсе эле, ал тоону томкоруп, ар бир кыргызстандыкты бейишке чыгарчудай. Андан ары алданган эл аңдагыча авторитардык бийлигин түзүүгө киришет. Ошентип, кайсыл бир күнү тиранды бийликтен кулатууга ыйык укугу бар калк ага чейин жыртык тепшинин кулагын кармап кала берет.


Кыргызстандын саясый тарыхындагы бул жагдай бийликтин бир бутагын кубаттандыруу жолу менен мамлекеттик башкаруу системасындагы тең салмакты термелтүүгө болбостугун көрсөттү, ал өлкө үчүн өкүнүчтүү трагедияга алып келет.


Атамбаевдин аракетин ар кандай кабылдаса, сындаса да болот. Бирок азыркы президенттин баа жеткис башкы эмгеги – ал үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендердин колдорун байлап, буттарын тушады, кыскача айтканда бомба койду. Саясий келесоолордун тарыхтын агымын артка бурууга жасалган ар бир аракети көз ирмемде жарылууга алып келет. Саясый далдалчылардын картасын дайым чаташтыра турган "атамбаевдин мурасы” деген ушул болот.

 

Булак: Vb.kg

Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
3 комментария
  • окей
    на этом выборе лучше никого не голосовать женбеков калмык семейный кланист а бабаня курд семейный кланист рейдер надо решать выдвижение кандидата через праймериз вот это будет правильно
  • Таттыгул
    Эч бир ажоо башчы Бакиевдей ээн эркин суйлой албайт.Эмне жакшы жагын айта албайбыз.Эн сонун эле ажоо башчы болгон.Кыргызстанда чындык жок,эгер болсо мен ак экенимди далилдейт элем деген созу бар эле.Мейли кайда журсо аман болсун.
  • мусульман
    Одним из кандидатов на президентских выборах 15 октября в Кыргызстане, причем имеющим очень серьезные шансы, является местный олигарх Омурбек Бабанов
    Это обстоятельство повергает в шок элиту этой страны, которая прекрасно знает Бабанова как беспредельно жадного и ни перед чем не останавливающегося коммерсанта, пишет сайт Vstiz "У Бабанова есть мечта – заработать ярд баксов, и чтобы получить этот миллиард, он ни перед чем не остановится, – заметил Vstiz на условиях анонимности один из бишкекских крупных предпринимателей – Он будет говорить, будто миллиард у него уже есть, но это чепуха, конечно По нашим меркам, он олигарх, даже со своими СМИ Но до миллиарда там далеко Этот человек пойдет, если надо, по трупам»
    Еще отмечают, что у Бабанова в родном Кыргызстане нет и не было бизнеса, который он сам бы начал с нуля и развил – только тот, который был у кого-то отобран Начинал он когда-то с торговли водкой, потом его пустили поучаствовать на рынке ГСМ И та, и другая сферы в лихие девяностые были среди наиболее криминализированных, хотя и сулили большую прибыль, но смертность среди "новых кыргызов" зашкаливала
    Крышей Бабанова стали братья Бажаевы из нефтяной группы "Альянс" Они появились в Кыргызстане после того, как киллеры расстреляли Юсуфа Кольбаева, главу представительства "Лукойла" в Кыргызстане Передел рынка ГСМ, как вспоминают немногие дожившие до наших дней его ветераны, проходил довольно жестко Горели автозаправки конкурентов, брали в заложники детей их владельцев и так далее
    Омурбек Бабанов был дружен сначала с сыном президента Акаева Айдаром, а потом с сыном следующего президента Бакиева Максимом И тот, и другой "сынок" — личности в Кыргызстане очень известные и очень одиозные Они прославились рейдерством, махинациями с поставками топлива на американскую военную базу "Манас", грандиозным воровством
    Омурбек Бабанов с помощью Максима Бакиева отнял у предпринимателя Шарипы Садыбакасовой банк "Кыргызстан Автомобильный рынок "Азамат" под Бишкеком был ему продан после того, как был убит бывший владелец рынка, депутат парламента Жыргалбек Сурабалдиев После этого семья Сурабалдиевых подверглась мощному прессингу со стороны лично Максима Бакиева Его дочь Эльвира Сурабалдиева рассказывала несколько раз на телевидении, как ее вызвал к себе "Макс-Бакс" и сказал: "Ты слишком молода, чтобы вести такой большой бизнес Продай!" И озвучил смешную цену Страшно то, что народ находится под обаянием Бабанова, а точнее, под обаянием обещаний, которые он раздает направо и налево в ходе выборных кампании Похмелье для людей, поверивших богачу, может оказаться слишком тяжелым…
    Бабанов известен своей злопамятностью и агрессивным стилем по отношению к оппонентам
    Теперь Бабанов, человек с такой красочной биографией, стремится стать президентом Деловые круги Кыргызстана в ужасе ожидают от этого нового кровавого передела собственности

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter