jump to gc.kg
8 августа 2017, 14:11

Болот ЖАНУЗАКОВ: “Текебаевдин адвокаттарынын соо туруп оорудум деп сотко катышпай койгону адамгерчиликке да, мыйзамга да

Болот ЖАНУЗАКОВ, коомдук ишмер: "Текебаевдин адвокаттарынын соо туруп оорудум деп сотко катышпай койгону адамгерчиликке да, мыйзамга да туура келбейт”

Болот ЖАНУЗАКОВ: “Текебаевдин адвокаттарынын соо туруп оорудум деп сотко катышпай койгону адамгерчиликке да, мыйзамга да

 


-         Болот мырза, Кыргызстанда мародерчулук айыбы жабышкан "Ата Мекен” партиясынын далай мүчөлөрү соттолуп жатат. Бирок, алар отурумдарды тез-тез үзгүлтүккө учуратып, партиянын адвокаттары соо туруп оорудум деп сотко катышпай жатканы аныкталууда. Булардын мындай аракетин сиз кандай баалайсыз?

-         Эгер"Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү таза болсо сот аркылуу маселесин чечип алса болот. Ал эми алардын адвокаттарынын оорудук деп кафеде жүргөнү адамгерчиликке да, мыйзамга да туура келбейт. Эгер чындап ооруп жатса сотко маалымат алып келиши керек. Эгер соо туруп ошондой кагаз алып келе турган болсо, аны берген, жалган маалымат жазган врачты жоопко тартса болот.

-         Сот иши башталганда Өмүрбек Текебаев иш менен тааныша элекмин деп бир топко отурумду созду эле. Эгер Текебаев таза болгондо ушундай кадамга бармак беле?

- Мен тааныша элекмин дегени да анын укугу. Мыйзам боюнча антип талап койгонго акысы бар. Андан эч кандай бузуу иштерин байкаган жокмун. Эгер Текебаев же башкасынын эч кандай күнөөсү жок болсо соттон белгилүү болот. Бул ишке үстүртөн баа бергенге эч кимдин акысы жок. Керек болсо адвокаттары да баа бере албайт. Муну сот гана чечет. Соттун чечимине баарыбыз баш ийүүгө милдеттүүбүз.  
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter