jump to gc.kg
10 августа 2017, 12:46

Жумакадыр АКЕНЕЕВ: “Сооронбай Жээнбеков кѳрѳгѳчтүк менен ишти алдыга жылдыра алды”

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: "Сооронбай Жээнбеков кѳрѳгѳчтүк менен ишти алдыга жылдыра алды”

-Ѳкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Коомдук каналга курган маегинде 2015-жылы Кыргызстандын Ички дүң продукция 4,9 пайызга, өнөр-жай өндүрүшү 26,6 пайызга түшүп кеткенин белгилеп, өзү кызматка келери менен ушул багыттагы ишти күчөтүп натыйжасы жаман болбогонун билдирген. Анын маалыматы боюнча 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорт быйыл 5 айда 30 пайызга көбөйгөн болсо, ИДПдагы өсүш жылдын жыйынтыгы боюнча 3,8 пайыз, ал эми алты айда 6,4 пайызга жогорулаган. Өкмөттүн мындай ийгилигинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Жумакадыр АКЕНЕЕВ: “Сооронбай Жээнбеков кѳрѳгѳчтүк менен ишти алдыга жылдыра алды”

 


-Мен өзүм да өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коомдук каналга берген маегин башынан аягына чейин көрдүм. Премьер-министр айткандай эле 1,5 жылда Кыргызстандын экономикасы болуп көрбөгөндөй өстү. Экономика эле өспөстөн элге кызмат көрсөтүүдө, шарт түзүүдө да жакшы жетишкендиктер жасалды. Мисалы, өткөн кыш эң катаал кыштардан болду. 15-октябрда башталган кышкы сезон 15-апрелге чейин созулду. Бирок, электр жарыгынан, отун-суудан, тоюттан эч кандай маселе жаралган жок. Ушунун өзү эле өкмөттүн жакшы иштегенинен кабар берет.


-Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондон бери алгачкы жолу кеңири маек берди. Анын бул маегин көргөн болсоңуз жетекчи катары кандай артыкчылыктарын, кандай кемчиликтерин байкай алдыңыз?


-Сооронбай Жээнбековдун ар бир тармакты коен жатагынан билгени, маселени туура коюп, анын чечилишин көзөмөлгө алып, иштен жыйынтык чыгара турган жетекчи экени ачык байкалды. Мен аны Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында эң мыкты иштеген өкмөт башчысы катары атайт элем. Аскар Акаевдин убагында Апас Жумагулов премьер-министр болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ал киши да бардык маселени тереңден билген жетекчи эле. С.Жээнбековдун маегин көрүп отуруп ушул сапат анда да бар экенине ынандым. Ал эми кемчилиги катары айтсам, 1,5 жылда эмес, ар бир беш айда ушундай маек берип, аткарып жаткан иштери менен тааныштырып турушу керек.


-Өкмөт башчысы өз маегинде аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынганын өзгөчө белгилей кетти. Анын сөзүнө караганда, буга аймактардагы 20 шаар кирген. Азыр облустун борборлорун, өнөр-жайлуу шаарларды биринчи өнүктүрүп, андагы элге кызмат көрсөтүүнү Бишкек шаарындай деңгээлге жеткирүү максаты бар экенин кыйытты. Бул демилге канчалык деңгээлде ишке ашат деп ойлойсуз?


-Буга чейин С.Жээнбековдун аракети, президенттин колдоосу менен Бүргөндү массивине суу чыгарылган. Аны менен 3800 гектар какыраган чөл суулуу аймакка айланып отурат. Мына ушул бир мисал эле аймактарды өнүктүрүү өкмөт тарабынан колго алынып жатканын тастыктайт. Менин оюмча, премьер-министрдин аймактарды өнүктүрүү планы иш ушул нукта улана турган болсо бат эле ишке ашат. Аймактардагы 20 чакан шаардагы элге кызмат көрсөтүүнү Бишкек шаарындай деңгээлге жеткирүү деле алыс эмес.


-С.Жээнбеков сырттан келе турган каражаттарды күтпөй эле бюджеттен бөлүнгөн акчаларга фитосанитардык көзөмөл пункттары, ветеринардык лабораториялар бирдиктүү системага келтирилгенин белгилеген. Бюджеттеги каражатты башка багытка жумшаса болот беле?


-Эми Россия уюмга киргендеги убадасын аткарып, тиешелүү каражаттарды бөлүп, Кыргыз-Россия фондуна акча берди. Бирок, Казакстан убада кылган 100 млн. доллардын эми гана 41 млн. доллары которулду. Жээнбеков болсо көрөгөчтүк кылуу менен башка өлкөнүн көзүн карабай бюджеттен лабораториялар бирдиктүү системага келтирүү үчүн каражат бөлдү. Муну менен Кыргызстан ушул айда кире турган ЕврАзЭСтин 18 талабынан ойлонбой калды. С.Жээнбеков ЕврАзЭСтин талаптарын аткаруу үчүн акча бөлүп ишти тездетпегенде жаңы кирген стандарттар Кыргызстанды түйшүккө салмак.


-Өкмөт башчысы Кыргызстандын экономикасы сезилерлик түрдө өнүгүүгө багыт алганын айтууда. Бул реалдуу эле нерсеби? Экономист катары кандай ойдойсуз?


-Буга чейин биздин президент Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик сапары менен барганда эки тараптуу жолугушуу болгон. Дал ошол жолугушууда Россия президенти Владимир Путин "биз быйылкы 5 айдын ичинде былтыркы 5 айга салыштырмалуу 2 жарым эсе көп айыл чарба азык-түлүктөрүн жана жеңил өнөр жай продукцияларын сатып алдык” деп айтты. Бул Кыргызстандын экспортунун өсүп жатканын далилдеген бир эле мамлекет. Андан сырткары ВСП+ статусу менен Европа өлкөлөрүнө товар сатуунун көлөмү көбөйдү.

 

Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
14 комментариев
  • Чолпон
    Акаев туура эле каматкан бул былжыракты!! Пайгамбар жашка жетип мээси ордунда эмес окшоштуруп суйлойт кемпай
  • ДАНИЯР
    ЖЭЭНБЕКОВ АТАМБАЕВТИН СОЗУНОН ЧЫГА АЛБАЙТ, ОЗУНУН ОУ ЖАК ЛИДЕР ЭМЕС Ж АКЕНЕЕВ СИЗДЕН МЫНДАЙ ПОДХАЛИМАШТЫ КУТКОН ЭМЕСПИЗ,БАКЕТАЕВТЕЙ БОЛУП УЯТ БОЛУП КАЛБАНЫЗ САКАЛДУУ АДАМСЫЗ, АК САКАЛ БОЛУНУЗ АК ШАКАЛ БОЛБОЙ
  • лд
    Ушуга окшогон эски муундун былжырлардын созун кабар кылып чыгарбай эле койгулачы сураныч Оскон имиш, покту жептир Суйлойт десе суйлой беришет Андан коро - мен сени мактап атам взамен сенден иливой кресло сурайм деп эле койбойбу Шайлоо алдында бироолорго жагыныш учун интервю беребербей Чондордун баары далбаептор Кыргызстан страна таких и замкнутых кругов Безмозглые
  • Человек
    Жумакадыр Акенеев любой чонду мактай берет Мындай кишилер кот сатар болот
  • Арстанбек
    Мля как противно читать хорош лизать и сосать у старого пердуна
    Айга кунго тенеп
    Когда мля это прекратится
  • Атамбаев
    Ии ошентип ишенсенер бизге, шайлоо жакын, 2010ж берген убадаларыбызды кантип аткарсак, эми мындан кийин да шайлоо откондон кийин ошондой берген убадаларыбызды аткарабыз, мага ишенип койгула Таластан Ташкентке качып кеткен россиялык Манастын урпактары
  • жыкы
    пафосу жок премьер экен, башкалар менен салыштырмаласам ошентип иштешса балким дагы дее премьер долуб журушмок, достор кандай дейсинер
    1. из народа
      лучше предложите отсосать больше заплатит чем сейчас,вам же по х что будет страной
  • Нука
    экспортчуларга жардам бергени туура, ЕАЭСке киргенден кийин биз ырок бир нече пайызын ээлешибиз керек
  • Нурил
    Сооронбай Жээнбековдун ар бир тармакты коен жатагынан билгени, маселени туура коюп, анын чечилишин көзөмөлгө алып, иштен жыйынтык чыгара турган жетекчи экени ачык байкалды Мен аны Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында эң мыкты иштеген өкмөт башчысы катары атайт элем Абдан Туура айтты Жумакадыр агай
    1. из народа
      лучше отсоси у него,может больше заплатит
  • Тима
    Абдан жакшы болот эле фермерлерге кредит пайызын аз кылса
  • Асыл
    фермерлерге пайызы аз кредит бергенин жакындале билдим. 3.5 млрд сомго берилиптир. бизнести туура алып барган адамдар мындай льготалар менен онугушот!
    1. мусульманин
      харам жол мн онуктурот де

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter