jump to gc.kg
10 августа 2017, 12:49

«Таза шайлоо» ассоциациясынын сурамжылоосундо жарандардын кѳпчүлүгү Сооронбай Жээнбековго ишеним артышкан

Кыргызстан жаңы президентин шайлоонун алдында турат. Дүйнөлүк практикада мындай чоң саясый кампаниянын  алдында элдин пикирин сурап билүү практикасы бар. Көбүнчө интернет  ресурсун пайдалануу менен коомчулуктун тигил же бул талапкер боюнча пикирин билип турат. Эң кызыгы, шайлоолордун жыйынтыгында коомчулуктун мындай маанайы дээрлик өзгөрбөгөндүгүн  ошол эле дүйнөлүк практика далилдеп келет. 

«Таза шайлоо» ассоциациясынын сурамжылоосундо жарандардын кѳпчүлүгү Сооронбай Жээнбековго ишеним артышкан

 

Бизде да мындай аракеттер жок эмес. Өткөндө «АКИ-пресс» агенттисинин сурамжылоосу боюнча азыркы президентикке талапкерлердин арасынан Сооронбай Жээнбеков   алдыга чыккан . Бул жолу «Таза шайлоо» ассоциациясы өткөргөн сурамжылоого таянсак, жыйынтык төмөнкүдөй чыгып, дагы эле Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Аталган ассоциация «эгерде жакынкы жекшембиде президенттик шайлоо ѳтсѳ кимге добушуӊузду бермексиз?» деген суроону жарандарга узаткан. 

Албетте, бул акыркы жыйынтык эмес. Элдин кимге ишеним артаарына 15-октябрдагы президенттик шайлоодо күбѳ болобуз.  

Бабанов Ѳ.Т. 5.09 % (37)

Жээнбеков С.Ш. 66.44 % (483)

Сариев Т.А. 18.29 % (133)

Тѳрѳбаев Б.Э. 2.2 % (16)

Турсунбеков Ч.А. 0.41 % (3)

Башка тапкерлерге  3.44 % (25)

Мен шайлоого  барбайм  0.96 % (7)

Бардыгына каршы  3.16 % (23)

Бардык добуштар:  727
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
6 комментариев
  • Не важно
    Чык эшике дегенден башка эл билгендей эчтекеси байкалган жок мисалы мен жакында эле билдим Министер болгонун
  • Бексултан
    Пиздеть не надо дорогие, бийликтин жамбашын жалап жакшы корунойун деген окшойсунар! Жеембеков, Бабанов Ким алар Кыргызына эмне кылып беришти Соз берип алдагандан башканы билбейт Я вас уверяю на сто процентов, что сооронбая никто не будет выбирать!!!
  • Марат
    Азыр элдер кооз суйлоп бирок, колунан "кокон тыйын келбегендерди" алыстан таанып калган кез Андыктан копчулук иш билги, тажырыйбалуу Жээнбековду колдоп жатат
  • Руся
    Кабарлар силер да бийликке сатылып кеткен окшойсунар
  • амстрдам
    жээнбековдун таза экенин кайдан билдинер жаны чырлуу эмес дегени турасынаргоо
  • Мээрим
    айылдарды кыдырып сураштырсан деле, баары айтышат, эски чырлуу саясатчыларга караганда таза Сооронбай Жээнбековту колдойбуз деп

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter