jump to gc.kg
11 августа 2017, 11:45

Шайлоонун “Абыке, Кѳбѳштѳрү”...

Быйылкы  президентик так талашка элүүдөн ашуун адам ат салышып жаткан кези. Колунан келеби же жокпу, эл үчүн күйгөн патриотпу же жеке керт башынын камын жейби, кыскасы кандай критерий менен чыккандарын өздөрү деле тыңгылыктуу аңдап биле алышпайт.

Шайлоонун “Абыке, Кѳбѳштѳрү”...

 

Анткен менен шайлоонун шайтан оюндарына күбө боло баштадык. Жакында "Өнүгүү-Прогресс” лидери Бакыт Төрөбаев, "Ата Журт” лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков, "Бүтүн Кыргызстан” лидери Адахан Мадумаров биригип чыгышты. Өткөн шайлоодо Б.Төрөбаев арзан техника менен камсыз кылам деп жатып добуш алган. "Ата журтчулар” болсо колдорунан кокон тыйын келбей "Республика” партиясына "турмушка” чыгып, "Республика – Ата Журт” деген атка жамынып парламентке илинген. Ал эми Адахан Кимсанбаевичтин амбициясы Ала-Тоодон да бийик, бирок заар чачкан тилинен башка эч нерсеси жок. Алар  бул шайлоодо да тиешелүү добуш ала албай калаарына толук көздөрү жетет.

Ал ортодо булардын түпкү ой-максаттары КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы туруп, кандай гана болбосун, аны буттан чалып жыгуу экени билинип калды. Ал оюн ишке ашыруу үчүн булар шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп чуу көтөрүп чыгуу керек деген бүтүмгө келишкенин эшиттик. Анын арты менен ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы жер-жерлерде ар кандай акцияларды уюштуруп, дестабилизация уюштуруунун тымызын пландап жатышкандай? Айтор, булар шайлоонун арты менен республикада чаң-тополоң чыгарууну негизги максат кылып коюшканбы?

Жаңжал чыгаруу, ар кандай акцияларды уюштуруу боюнча А.Келдибеков ашыккан адис. Ар биринин ар коктуда өз адамдары бар. Баарын көчөгө чыгарышат. Аларды көрүп "революция бульдозёру” Азимбек Бекназаров аксылыктарды митингке үндөбѳй жаны жокпу? Жалал-Абаддан Өмүрбек Текебаевдин кишилери  кайсалактап жатышты эле аларың да шайлоонун жыйынтыгы туура эмес деген ураанды коштойт. Алар антип жатса "ак жолчулардын” "атаманы” карап турабы? Улугбек Ормонов Англияга барып Максим Бакиевге жолугуп кайтканын айрым маалымат каражаттары жазышты эле, ал жактан бѳктѳрүнѳ келген "долларбайларын” кошумча кылып кошуп бербейби?

Жыйынтыгында ач айкырык, куу сүрөөндөр башталат. "Манас” эпосунда "Абыке, Көбөш баш болгон алты арам бар” деп айтылат. Алар Манаска каршы чыгып кыргыз элин бөлүп-жарып, бузукулук иштердин башында турушкан. Жогоруда аты аталган "арзыматтардын” планын угуп алып азыркынын Абыке, Көбөштөрү ушулар окшойт деген ойго жетеленип турабыз...
Айбек Медетов
2 комментария
  • Мира
    Жээнбеков озунун тазалыгы менен баардык талапкерлердин "айласын алты кетирди"Атаандаштары Жээнбековго бир нерсе табам менен убара Бирок табышпайт Анткени Жээнбеков кудайдан корккон таза адам
  • Мырзабек
    «Эшек» Сартбаев жаңы «Шрегин» тапты, Сатыбалдиевди Бабановго алмаштырдыбы

    Жанагыл Шрек менен Эшек башкы каармандын ролун аткарган мультфильмди билесиздер да Ошол эки каарманга өл-лө окшош бир саясатчы, анан бир журналист бар экенин көп эле жазганбыз Кадимки Элмурза Сатыбалдиев менен шантажчы журналист Аслан Сартбаев тууралуу Шрек – бул Элмурза мырза, Эшек- Аслан болчу
    Экөө ошол мультфильмдеги эки персонаждай болуп ээрчишип көп жүрүшчү Пивонун шорун катырышчу Кыз-келиндерден кеп салышчу Ак үй, Көк үйдөгү окуяларды Шрек-Элмурза Эшек-Асланга саймедиреп айтып берсе, аны экинчиси ашыра жазып гезитине басып турар эле Анан эле Элмурза Сатыбалдиевге кылмыш иши козголуп, бир топ убакыт абакта отуруп чыкты Ошондон кийин аны менен Аслан Сартбаев эмнегедир көп ээрчишпей калды
    Бирок, ал «жылуу орунду» ээнсиретпей Аслан мырза бат эле жаңы «Шрегин» таап ала коюптур Тактап айтсак, алдыдагы президенттик шайлоодо «сизге эт-бетимен кетип кызмат кылып берейин» деп Өмүрбек Бабановдун алдына барган экен, анысы бул сунушту кабыл алыптыр Ошентип эми жаңы «Шрек менен Эшектин» окуясы уланчудай болуп калды Бабанов өзүнүн оппоненттери тууралуу аздыр-көптүр билгендерин Сартбаевге саймедиреп айтып берип турат Ал эми Сартбаев аны көбүртүп-жабыртып гезитине басып турат
    Бирок, Аслан мырзага өтө жакын болуп кеткендердин тагдыры темир тор менен аяктай турганын эске алганда экинчи Шректин деле келечеги анчейин жакшы болбой калчудай болуп туру Ушуну көзү жаш баланын көзүндөй бажырайган Бабанов сезээр болду бекен

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter