jump to gc.kg
11 августа 2017, 17:29

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеден чоочулап турушат?

Ѳмүрбек Текебаевдин "Мегаком” компаниясына байланыштуу миллион долларлык чыры боюнча сот процессинде бардык жүйөөлөр келтирилип, башкы "атамекенчинин” күнөөсү далилдене баштаганынан улам Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү үйүндө да тынч уктай албай калды көрүнөт. Алданеден чоочулап, бир ордуна тура албай, улам эле Текебаевдин сотуна чуркап бара калышууда. Маселен, УӨ төрайымы болгон Роза Отунбаева 11-августтагы сот отурумуна да келди. Буга чейинки келгенинде ал "Биз революция жасаган үчүн силер ушул кызматта отурасыңар” деп сотту, прокурорлорду да коркутуп кеткен.  

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеден чоочулап турушат?

 

Мына ушундан улам "Роза апчебиз эмнеден чоочулап атат?” деген суроо жаралат. Анын 2010-жылдан кийин Лондондун чок ортосунан элиталык батир сатып алганы ММК булактарында көп жазылган. Кайсыл акчага сатып алганы боюнча да бир нече версиялар айтылып жүрөт. "Мегаком” компаниясынан чет мамлекетке чыгарылып кеткен 6 миллион доллардын чуусунда да аты аталган. Банк ячейкаларынан табылган 3,78 миллиард долларлык векселдердин "жасалма” деп табылып, казакстандык "Кундыбай” ишканасына кайтарылып берилишинен да ири суммада ыраазычылык алганын укканбыз. Кыязы мына ушул илинчектери анын тынч уйкусун бузуп атат окшойт.

Аны менен кошо дагы бир сары санаага баткан УӨ мүчөсү А. Бекназаров да сотко келди. "Революциянын бульдозеру” деп койсо дардаңдап кетип, телефон аркылуу Темир Сариев менен бир миллион долларды кандайча кымырып калсак деген темада сүйлөшкөнү ачыкка чыгып кеткенден кийин жели чыга түшкөн Азикебиздин да коркок-билиши көп окшойт. Анын уулу Русландын да банк ячейкаларынан акча алып атканы видеого түшүп калганы тууралуу кеп көп жылдардан бери желип-жортуп жүрөт.

Мына ушунун баарын Текебаев да эң сонун билет. Балким бул фактылардын "бурамасы” да Текебаевдин колунда болушу мүмкүн. Андыктан азыр келип Текебаевди бир ооз актап көрсөтмө берип коюшпаса, Чиркеш аксакалдын уулу аларды кошо "ала жатышы” күтүлөт. Ким эле темир тордун артында отургусу келсин?
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter