jump to gc.kg
11 августа 2017, 17:31

Эмилбек Каптагаев жүгүрүк: Саясат үчүн жасалган сенсация!

Кыргызстандын сот системасынын тарыхында мурда болуп көрбөгөн көрүнүш катталды. Чыныгы сенсация! Тактап айтсак, сот системасынын тарыхында биринчи ирет жабырлануучу соттолуучуну актап берүү жөнүндө жогору турган сотко апелляциялык даттануу менен кайрылды.

Эмилбек Каптагаев жүгүрүк: Саясат үчүн жасалган сенсация!

 

Бул сенсацияны жараткан ким дейсизби? Өткөөл мезгилдин президенти болгон Р. Отунбаеванын аппаратын жетектеген, кийим өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым өкүлү кызматын аркалаган Эмилбек Каптагаев. Дал ушул экинчи кызматты аркалап турган маалда Караколдо "Кумтөр” маселесине байланыштуу митинг өтүп, ал башаламандык менен коштолгон эле. Ошондо митингдин катышуучулары Э. Каптагаевди барымтага алышып, С. Жапаровдун эжесине таандык болгон автоунаага салышып, анан аны өрттөйбүз деп коркутушкан болчу.

Бактыга жараша, ал өрттөлгөн эмес. Бул окуядан кийин Эмилбек мырза көпкө чейин буркан-шаркан түшүп, аны барымтага алгандарды жана ошол митингди уюштургандарды мыйзам алдында жазасын алуусу үчүн бардык күчүн жумшай турганын билдирип келген. Ал эми ал митингди каржылаган жана уюштуруунун башында турган – бул Садыр Жапаров болгону ошол замат эле белгилүү болгон.

Эми минтип С. Жапаровго кылмыш иши козголуп, күнөөсү далилденип, соттун чечими чыгып отурса, жабырлануучу Э. Каптагаев кайра аны актап берүүнү суранып жогору турган сотко апелляциялык арыз менен даттанып отурат. Эмне аны ошондо С. Жапаровдун адамдары өрттөп жибергенде сооп болот беле? Же ал үчүн өз өмүрүнөн да кресло кымбат турабы? Кызматсыз калса эле бийликке таарынып, анын өмүрүнө коркунуч келтиргендерди актай баштаганы эмнеси?  

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter