jump to gc.kg
11 августа 2017, 17:33

Темир Сариев ушак, жалган, имиштерди жайылтууну колдойбу?

Шайлоо жакындагы саясатчылар элге жагынуунун, журналисттерге жагынуунун түрдүү ыкмаларын колдоно башташат эмеспи. Ошондой багыттагы аракетин президенттикке талапкер Темир Сариев катуу жасоодо. Баскан ар бир кадамын пиарга айлантууга маш саясатчы, жөн гана эки кадам да баскысы келбейт.
Ал бул ирет эми журналисттерге жагынууга жол таап алыптыр. "Эркиндик – бул биздин элдин башкы жетишкендиги, ага көптөгөн биздин мекендештерибиз көптөгөн күчүн гана эмес, өз өмүрлөрүн да беришти. Чыныгы эркиндик сөз эркиндиги жок мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Темир Сариев ушак, жалган, имиштерди жайылтууну колдойбу?

 


Албетте, бул айткандарында калет жок. Чындыгында эркиндик – бул биздин элдин башкы жетишкендиги. Элибиз эзелтеден сөздү да барктап, оюн ачык жана так билдирип келишкен. Демек, сөз эркиндиги бизде илгертеден болгон. Бирок, ошол эле убакта жалган айтууну, ушак таратууну элибиз сүйгөн эмес. Андайларды "Эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбегендер” деп жаман көрүшчү. Жалган айткандарды, ушак тараткандарды эл өзүнөн оолактатып, бөлүп коюшчу.

Ал эми Т. Сариев болсо, журналисттерге жагынгысы келип, "Мен жөнүндө да ачык эле жалгандарды жазышкан, бирок бир да жолу мен журналисттерди же басылмаларды сотко берген эмесмин” деп төшүн кагат. Эгерде биз баарыбыз эле ушинтип жалган айткандарга ээн-эркин мамиле кыла берсек, анда сөздүн кадыры кетпейби? Жалган менен чындыктын айырмасын эч ким аңдай албай калбайбы. Ошол жалган маалыматтан запкы жегендердин укугун ким коргойт? Бир мамлекеттин башчысы болом деген амбициядагы саясатчы да ушинтип пикир айтабы? Эгерде ал жалган, имиш, ушактарды жайылтууну колдосо, анда элибиз эч качан колдобойт го. Бизге кашкайган гана чындык керек. Элибиз чындыкты гана кабыл ала турганын билип алганыңыз оң Темир Аргенбаевич. 

Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter