jump to gc.kg
Ак-Суу районундагы Орлиное айылына бара жаткан жолдо таш жүктөгөн «КамАЗ» менен жеңил унаа бет маңдай кагышты. Окурманыбыз билдирген маалымат боюнча, анын кесепетинен жүк ташуучу унаа капталынан кулап, ичиндеги 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Окуя кечээ, 11-августта саат 19:00 чамасында Жыргалаң суусунун жээгинде болуп, жеңил унаанын айдоочусу качып кетти. 
Орлиное айылына баруучу жолдун сапаты өтө жаман экенин айткан жергиликтүүлөр буга чейин бир катар тийиштүү органдарга кайрылган. Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Э.Кулетов белгилегендей, бул аймактагы жол 2 айдан бери сүрүлө элек. Эми облус жетекчисине кайрылып, анда да чечилбесе борборго барабыз, деп кошумчалады.
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter