jump to http://jeenbekov2017.kg/
17 августа 2017, 11:57

Курманбек ОСМОНОВ: “Текебаев боюнча соттун чечимине саясый заказ деп бүтүм чыгуруу туура эмес”

-          "Ата Мекен" партиясынын паракорчулукка шектелген лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду Биринчи Май райондук соту 8 жылга үй мүлкүн мамлекетке чегерүү менен эркинен ажыратты.  Муну саясый чечим деп баалагандар да чыгууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Курманбек ОСМОНОВ: “Текебаев боюнча соттун чечимине саясый заказ деп бүтүм чыгуруу туура эмес”

 

-          Мен укук адиси, саясатчы катары айтсам, ага саясый заказ деген бүтүм чыгуруу туура эмес. Текебаев канча жыл саясатта жүрсө да интригада жүргөн. Аны сот деле жөн эле жерден кеспесе керек. Соттун чечимин саясый буйрук дегени аша чапкандык болушу мүмкүн.


-          Айрымдар Текебаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду деп айтууда. Буга негиз барбы?


-          Негизи Кылмыш жаза кодексиндеги 303-берене буга чейин иштебей турган. Аны Аида Саляновалар иштетип, Текебаев эскирүү мөөнөтүн алып салган. Эми минтип өздөрү түзгөн системанын курмандыгы болду. Албетте, табалаган адамгерчиликке жатпайт, бирок күнөөсү болсо жооп бериши керек.


-          Сиздин дал ушул коррупциялык иш боюнча канчалык кабарыңыз бар?


-          Эгер мен бул кылмыш ишин барактап чыкканымда "ак” же "көк” деп айтмакмын. Андыктан ага баа бере албаймын. Бирок, Текебаев буга чейин өзү да канчалаган премьер-министрлерди мен кетиргенмин деп айткан. Башка кызмат адамдарды айта турган болсок сөз көбөйүп кетет. Эми бул киши баш оту менен интригага кирип кеткен эле да.


-          Текебаев Апрель революциясына жамынуу менен бийликке келип ушул иштерди жасаган. Бул кишини шейит кеткен балдарды арбагы урган жокпу?


-          Эми аны айтыш кыйын. Мен табиятымдан бирөөнү табалаганды жаман көрөм. Канткен күндө да баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек.

Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
1 комментарий
  • Ayda
    Текебаеву карлсонго окшоп калыптыр

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter