jump to http://jeenbekov2017.kg/
8 сентября 2017, 15:54

Кадыржан Батыровдун Июнь окуясынын башында турганы БУУда тастыкталды

Буга чейин сеператист Кадыржан Батыров Кыргызстанды күнөөлөп, өзүнө коюлган айыптарды четке кагуу менен Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылган. Ал Кыргызстан боюнча кескин чараларды колдонуу керектигин айтып, биздин өлкөнү болушунча каралаган. БУУнун Комитети ушул жылдын 16-августунда 120-сессияга чогулуп аталган арызды карады. Узак убакыт иликтөөлөрдөн кийин Батыровдун айткандары суу кечпей, анын айыптары четке кагылды. Аны менен Кыргызстан толук акталды десек болот. Албетте, бул биздин өлкөнүн жеңиши.

Кадыржан Батыровдун Июнь окуясынын башында турганы БУУда тастыкталды

 


К.Батыров БУУга өзүнө коюлган айыптарды, Кыргызстандын мамлекеттик органдары чыгарган бүтүмдөрдү четке кагуу менен кайрылган. Аталган уюм анын арыздарынын баары негизсиз, Кыргыз Республикасы Батыровдун эч кандай укугун тепсеген эмес деген бүтүм чыгарган.


Сеператист, 2010-жылдагы Июнь окуясынын уюштуруучуларынын башында турган К.Батыров 7 жылдан бери сыртта качып жүрөт. Ал Кыргызстандын бардык соттору тарабынан күнөөлү деп табылып, үй мүлкү конфискациялануу менен өмүр бою сыртынан соттолгон.


Эми Батыровдун июнь окуясынын башында турганын БУУ да далилдеди десек болот. 2010-жылы өзбек тектүү жарандарды чогултуп, аларды сеператисттик кадамдарга үндөп жүргөндө биздин бир топ азаматтарыбыз жанында жүргөн. Маселен, Бектур Асанов менен Өмүрбек Текебаевдин маркум иниси Асылбек Текебаев Батыровдун колдоочуларынын бири болгон. Керек болсо кыргыздын желеги өрттөлүп жатканда Текебаев өзү "Кадыржан ака, катуу кетпеңиз” деп байланышта болуп турган. Кыргыздан чыккан ушундай "кумалактар” Батыровду көптүрүп, аягында каргашалуу окуяны башыбызга үйдү. 2010-жылдагы улут аралык чатакта Кыргызстан бери дегенде 4 млрд. доллар чыгымга учураган. Андан сырткары 500дөй адам адам мерт кетип, миңдегени жарадар болду. Эми ушул окуядан сабак алып, Текебаев, Асанов сыяктууларга эл өзүнүн баасын бериши керек.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter