jump to http://jeenbekov2017.kg/
8 сентября 2017, 17:15

Тилинен жаӊылган Бекназаров жаналакетке түшүүдѳ. Түрмѳгѳ отуруудан коркуп атабы?

Эл алдында кооз сүйлөп, эл жок жерде жалжаңдап "Кудай өзүң кечир деп, калпты ушундай урдурдум” деп отуруп, калган-каткан кадыр-баркын биротоло талкалап алган Азимбек Бекназаров бүгүн борбор калаабызда маалымат жыйынын өткөрдү. Ал бул маалымат жыйынын өзүнө карата Ө. Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги үчүн козголгон кылмыш ишине байланыштуу өткөргөнүн да билдик.

Тилинен жаӊылган Бекназаров жаналакетке түшүүдѳ. Түрмѳгѳ отуруудан коркуп атабы?

 

Буга чейин интернет булактарында адегенде анын Камчыбек Ташиев менен маектешип, "Мен Текебаевдин сотунда Кудай өзүң кечир деп калпты айтып чыктым. Ар бир калп айтып жаткан сайын Кудай өзүң кечир деп аттым, сөөгүн агарткыча калп айттым” деп аткан аудиотасмасы жарыяланган. Албетте, бул жарыяланганда аны эки саясатчы тең "монтаждалган” деп танып чыгышкан болчу. Анан андан көп өтпөй эле интернет-порталдардын бирине видеомаек берип бүткөндөн кийин камеранын иштеп атканына көңүл бурбай, кайрадан эле "Мына бул балдар деле билет, мен Кудай өзүң кечир деп Текебаевдин сотунда калп айтып чыктым деп сразу эле айткам. Сотто өлүп бараткан адамды колдоп коеюн дедим” деген сөздөрдү айтып атканы тартылып алынган видео тасма жарыяланган.

Бул аудио жана видео тасмалардын эч кандай жасалмасыз, монтаждалбаганы Казакстандан текшерүүдөн өткөрүлүп тастыкталган. Демек, Азимбек мырза Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин өзү аныктап аткан болобу? Бирок, догурунуп сүйлөп көнүп алган саясатчыга айла жок экен, муну да президент Алмазбек Атамбаевге шылтагысы келип атат. "Муну Атамбаев заказ берди” дейт ал. Эмне Бекназаровду да Атамбаев "ушинтип сүйлөйсүң” деп заказ кылды беле? Анын оозун эч ким тырмабаса деле өзүнүн жалган көрсөтмө бергенин өзү ар кимге жайып атпайбы.

Анан дагы ал: "Эгерде мени камаса, эч ким митингге чыкпасын” дейт. Албетте, элди митингге үндөбөгөнү жакшы, бирок Азимбек мырзанын кадыр-баркы тээ Акаев доорундагыдай эмес экенин өзү деле билсе керек. Ал убакта А. Бекназаров таза, булгана элек саясатчы болчу. Анын тазалыгы жана өз өлкөсүнө карата патриот сезими үчүн эл колдоп чыккан. Ал эми акыркы 6-7 жылда Бекназаров таптакыр башка болуп өзгөрдү. Эки жолу баш прокурор болуп туруп жадакалса ал үчүн алты азамат курман болгон Аксы окуясын аягына чыгара иликтей алган жок. Андыктан азыркы тапта А. Бекназаров үчүн чын нээтинен каалап эч ким көчөгө чыкпай турганын билебиз. Эгерде акча төлөп эле чыгарбаса... 
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
2 комментария
  • Ороз
    Турмодон Атамбаев коркот, Турцияга качып кеткен Акаевдин убагында! Бекназаровдун аркасы менен келген
  • Азат
    Бекназаров коркпой калдыго

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter