jump to http://jeenbekov2017.kg/
10 сентября 2017, 12:10

Бабанов, Төрөбаев, Сариевдер шайлоодо үгүт иштерин таза жана мыйзам алкагында өткөрө алышаарына ишене албай турушабы?

9-сентябрда, үгүт иштеринин башталышына бир күн калганда Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкерлер шайлоо алдындагы күрөштү таза жүргүзүү боюнча Меморандумга кол коюшту. Ага КСДП партиясынын бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбеков жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанышкан талапкерлер Арстанбек Абдылдаев, Таалатбек Масадыков, Токтайым Уметалиева, Арсланбек Малиев кол койду.

Бабанов, Төрөбаев, Сариевдер шайлоодо үгүт иштерин таза жана мыйзам алкагында өткөрө алышаарына ишене албай турушабы?

 


 

Бул Меморандум шайлоонун таза өтүшүнө өбөлгө болуучу документтердин бири болуп саналат. «Бул документке ылайык талапкерлер үгүт кампаниясы мыйзамдын негизинде болушуна багытталган бир катар милдеттерди мойнуна алат. Алар шайлоочуларды сатып алууну жок кылууну, бул терс көрүнүш менен укук коргоо органдарынын күрөшүнө жардам берүүгө, мыйзамга каршы аракеттерди жасабоо үчүн жеке, анын ичинде өзүнүн тарапташтарынын аракеттерине да жоопкерчилик тартууга милдеттендирилет», - дейт БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.


Бирок, эмнегедир мына ушул Меморандумга кол коюуга үгүт иштерин эртелеп эле баштап алышкан талапкерлер Ө. Бабанов, Т. Сариев, Б. Төрөбаев аттуулар келишкен жок. Эмнеге? Же алар шайлоо алдында үгүт иштерин мыйзам алкагында жүргүзө ала тургандыктарына ишене албай турушабы? «Көнгөн адатыбызча эле шайлоочулардын добушун акчага сатып алабыз» деген ойдо турушканын тастыктап атышкан жокпу? Андай ойлору болбосо, анда бул документке келип кол коюп кетишет эле го.

Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
1 комментарий
  • Самат
    Проигнорировали значить не согласны с меморандумом и с этим самым не исключают того , что с их стороны возможны , и скорее всего будут нарушения кодекса чести другой причины просто не существует

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter