jump to http://jeenbekov2017.kg/
12 сентября 2017, 09:56

Жамшитбек Нишанбаев: "С. Жээнбековдун чоң мамлекеттик ишмер болорун айылда экенде эле билчүбүз”

Көп жыл бою Сооронбай Жээнбеков менен иштешип, ага устат болгон Жамшитбек Нишанбаев биздин каарман тууралуу билгендерин ортого салды.
 
 
 
Жамшитбек Нишанбаев: "С. Жээнбековдун чоң  мамлекеттик ишмер болорун айылда экенде эле билчүбүз”

- Сооронбай  Жээнбеков менен бирге иштешип, анын устаты да болуп калган экенсиз. Кепти ушундан баштасаңыз…

- Мен анда Кара-Кулжа районунун  Совет совхозунда зоотехник элем. 1983-жылдан 1988-жылга чейин чарбада бирге иштештик. Жаш болсо да жүктɵлгɵн милдетти жоопкерчилик менен аткарып, жетекчиликтин  ишенимин актаган. Беш жыл жанаша иштеп жүрүп, анын адистик, адамдык сапаттарын жакындан  билип калдым.

Сокеде «Мен жетекчимин, мен айткандай гана болот» деген кыйынсынуу, текеберлик таптакыр жок болчу. Билбей жаткандарын уялбай менден, башкалардан сурап, кеңешип  иш кылчу. Жаш адис катары билбегендерин билейин,үйрɵнɵйүн дегенин кɵп байкадым.  Жумушка эрте келип, кеч кайтып, кол астындагылардан да жоопкерчиликти, иштин натыйжасын талап кылчу. Иштин кызыкчылыгы үчүн чабандар менен бирге кой кайтарып,  мал айдашып да  жүрдү. Жайлоодо күндүн ысык-суугуна карабай бирге жүргɵн учурларыбыз кɵп болду. «Ал менин ишим эмес» деген мамиле такыр болгон эмес. Анысына совхоздогулардын бары ыраазы   болор элек.

- Адамдык сапаттары, башкаларга мамилеси кандай эле?

- Оо, Сокенин адамдык сапаты жɵнүндɵ узак сɵз кылса болот. Анткени, совхоздо иштеген 5 жыл ичинде эң жакшы таасир калтырып кеткен. Маданияттуу, бирɵɵгɵ катуу сүйлɵбɵгɵн, сылык-сыпайы, улууларды дайыма урматтап, кичүүлɵрдү ызааттап турган жигит эле. Маектешинин сөзүн бузбай, кунт коюп уга билчү. Мүнɵзүндɵгү салабаттуулук, туруктуулук ошондо эле бар болчу. Мындай сапат, тарбия атасы Шарип аксакалдан жуккан. Себеби, раматылык Шарип аке  айылга эле эмес, аймакка белгилүү, калкка алымдуу, журтка жарыгы  тийген  адам болчу. Даанышмандыгы, кɵрɵгɵчтүгү да бар эле. Балдарынын баары анын айткандарын кулагына куюп, акыл-насааттарын жакшы аткарып чоңоюшту  да. Ошондо эле Шарип акенин  үй-бүлɵсү, анын балдары жɵнүндɵ эл ичинде жалаң жакшы сɵз айтылчу.
Сокедеги ошол кездеги мыкты адамдык сапаттар ошол бойдон калды. Болбосо, жогорку бийлик серелерине чыккан айрымдардын катуу ɵзгɵрүлгɵнүн,  саламга алик албай калган учурларын кɵрүп эле жүрбɵйбүзбү. Соке менен кийин да кɵп эле  жолугуп, сүйлɵшүп жүрдүм. Адамдык сапаттары, касиети жагынан совхоздогу эле бойдон экен.  

- Ошол убакта анын келечекте чоң  мамлекеттик ишмер, саясатчы болору байкалчу беле?

- Сооронбай Жээнбековдун ишке мамилесинен, жүрүм-турумунан, дайыма ɵзүн ɵстүрүүгɵ кылган аракетинен улам совхоздогулар анын келечекте мамлекеттик масштабдагы чоң жетекчи, партиялык  ишмер болушу ыктымал деп айтып калчубуз. «Соке эң болбоду дегенде облус башчысы болот» деген сɵздɵр айтылар эле. Себеби, бүт адистик, инсандык турган турпаты эле анын келечекте мамлекеттик ишмер, эл башкарчу адам болорунан кабар берип  турчу.

- Кыргыз эли Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайласа жаңылбайт деп ойлойсузбу?

- Аны шайлоо менен эл жаңылбай турганын  бɵркүмдɵй кɵрɵм. КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкерликке кɵрсɵтүү менен эң туура чечим кабыл алган. Кайсыл жетекчилик кызматтарды аркалабасын бардык жерде мамлекеттин мүлкүнɵ, элдин ырыскысына кол салбай таза иштеди. Мындай саясатчыны азыр Кыргызстандан табыш өтө кыйын. Соке элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон, таза  иштеген, мамлекеттин акчасын уурдабаган, адилеттүү ɵлкɵ башчысы болот. Бүгүнкү президенттин жетишкендиктерин, баштаган иштерин улантуу менен элине дагы кɵп иштерди кылып берет. Алмазбек Атамбаевдин тушунда жакшы иштер, саамалыктар, жетишкендиктер кɵп болду. Сооронбай Жээнбеков бул жакшылыктарды мындан ары улантат.

Ток этерин айтсам, кайсы жагынан албайлы Сооронбай Жээнбеков президенттикке  эң ылайыктуу, татыктуу адам.  Ал президент болуп шайланса, андан Кыргызстан, кыргыз эли гана  утушка ээ болот.

meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter