jump to http://jeenbekov2017.kg/
12 сентября 2017, 10:03

Ысык-Көл: Сооронбай Жээнбековго ишенебиз!

Өлкөнүн келечек тагдырын чече турган күн жакындады. 15-октябрда кыргыз эли жаңы президентти шайлаганы турат. Ажо болом дегендердин арасында популисттер, "мен силерге асмандагы айды алып берем, мени шайлагыла” деген куру убададан башканы билбегендер да бар. Ал эми Ысык-Кѳл облусунан чыккан түрдүү тармактын ѳкүлдѳрү Сооронбай Жээнбековду президенттикке ылайык кѳрѳрүн билдиришти.
 
 
Ысык-Көл: Сооронбай Жээнбековго ишенебиз!
 
 
 
  
Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, экс-депутат:
 
 
 
 
Ысык-Көл: Сооронбай Жээнбековго ишенебиз!

-       Көлдүн эли бул шайлоого активдүү катышат деген ойдомун жана шайлоого катталган он үч талапкердин ичинен Сооронбай Жээнбековго көз караштары түз экендигин байкап жатам. 

Сооронбай Шарипович эмгек жолун айылдан баштап, катардагы зоотехник, директор, башкарма, министр, губернатор, акыры премьер-министрликке чейинки жеткен, жетекчилик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн өтө тажрыйбалуу инсан. Мыйзамды да жакшы билет, үч ирет парламенттин депутаты болгон. Ал ыймандуу жана таза, сөзү менен ишинде ажырым жок иштерман адам. Кошуна мамлекеттер менен мамилебиз оңолду, энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик, ири долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Андан тышкары, алдыга узак мөөнөттүү стратегиялык пландар белгиленүүдө. Мына ушулардын баарысын ырааттуу алга жылдырууга Сооронбай Шариповичтин акылы жана тажрыйбасы керек.

Адыл ОРУНТАЕВ, коомдук активист:  

-       15-октябрга чейин дагы иргелип калары шексиз, анткени, үгүт иштери башталганда эле кимиси канча аралыкка чуркай алышаарын өзүлөрү сезип калышат. Алардын арасында тажрыйбасы жагынан, албетте, Сооронбай Жээнбеков өзгөчөлөнүп турат. Элге анын тазалыгы, куулук-шумдукту билбеген карапайымдыгы жагып жатат. Мен өзүм анын айкөлдүгүнө жана иштермандыгына өзгөчө баа берем. Кудай буйруса, өлкөбүз ушундай президенттүү болот деп үмүт кылып жатам.

Жеӊишбек МОЛДОКАНОВ, агроном:

-       Сооронбай Жээнбековду колдойм. Бул киши көптөгөн мамлекеттик кызматтарды аркалап келген, тажрыйбалуу, ишти  туура жана калыс чечкен жетекчи. Сооронбай Шариповичтин командада иштей билгени, адамдарга ызаат мамилеси, жөнөкөйлүгү, ар бир кишини уга билгени, адамдык бийик сапаттары абдан жагат.

Сталбек МОЛДАЛИЕВ, жеке ишкер:  

-       Сооронбай Жээнбеков тың чарбакер. Анын жетекчилиги алдында өкмөт экономикалык жогорку көрсөткүчтөргө, биринчи кезекте ИДПны өстүрүүгө, кайра иштетүүчү өнөр жайларын жандантууга жетишти. Жупунулугун жана ачыктыгын баалайм. Сооронбай Шарипович президент болуп калса, анын устаты жана биздин президентибиз Алмазбек Атамбаев баштаган жумуштарды, демилгелер менен долбоорлорду улантат деп ойлойм.
 
 

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter