jump to http://jeenbekov2017.kg/
13 сентября 2017, 13:25

Ѳзбек президентинин сөзүн бурмалап шайлоого аралаштыруу уяттан-уят көрүнүш!

Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Бишкекке келип, кыргыз-өзбек мамилесинин жаңы барагы ачылды. Эки өлкөнүн ортодогу ишенич, мамиле дал ушул сапардан кийин дагы да жанданып, 26 жылдан бери топтолуп турган бир топ маселелер чечиле баштады.

Тилекке каршы, арабыздан чыккан “ийри жыландар” кыргыз менен өзбектин мамилесинин жанданып, чек аралар ачылып жатышын көрө албай, ушул маселени шайлоонун “шайтан оюндарына” колдонууда. Тактап айтканда, президенттикке талапкер саясатчылардын биринин пиарчылары “Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш алыш үчүн Атамбаев Өзбекстанга жер берген” деген ыпылас ушакты таратууда. Анан дагы ГЭС курууда Атамбаев толугу менен өзбектерге көз каранды кылды, көп жерлер Өзбекстанга кетти, “Уңгар-Тоону” да карматты, мунун баарын Жээнбековду президент кылуу үчүн жасады деген болбогон кепти жайылтууда. Анан дагы өзбек президентинин сөзүн бурмалап аны “мураскерди колдоймун” дегендей сүйлөтүп койгон. Кыпындай да чындыкка дал келбеген бул маалыматты интернет эле эмес, уюлдук телефондор аркылуу тездик менен таратууда. Муну жасап жаткандар рейтинги күн сайын өсүп бараткан Сооронбай Жээнбековду буттан чалуу максат кылганы менен Кыргызстанга ушул аракети менен душмандык кылууда. Бирок, кыргыз эли мындай сандырак кепке ишенгидей көзү сокур, кулагы дүлөй, мал эмес. Бийлик үчүн энесин да сатып жиберүүгө даяр турган адамдардын бул аракетинен майнап эч качан чыкпайт. Мирзиёевдин сапарынын жыйынтыгын билбегендерге, же билип туруп куйтулук кылгандарга кыскача жооп берип коёлу.

Биринчиден, Атамбаев Өзбекстанга 1 см да жер берген жок. Чек ара боюнча  кабыл алынган документти 26 жылдан бери эки өлкөнүн эксперттери даярдап, мурдагы президенттердин эркинин жоктугунан гана кол коюлбай келген. Аны Атамбаев менен Мирзиёев ишке ашырды.  

Экинчиден, ГЭСтерди курууда Өзбекстанга көз каранды болдук деген Эдил Байсаловдун чыгарган ушагы. Өзбек президентинин сөзүн бурмаган Байсалов биринчи жолу ушул кепти айтып чыккан. Чынында Мирзиеёв “Кыргызстан ГЭСтерди Өзбекстан менен чогуу курууга даяр, биз биргелешип мындай долбоорлорду ишке ашырабыз” деген пикирин билдирген. Ынтымакты, бир туугандыкты дагы да бекемдөө үчүн айтылган бул кепти тескери маанисинде таратуу кыргыз элине эч качан абийир алып келбейт.

Үчүнчүдөн, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эч качан мураскерди колдоймун деп айткан жок. Кызыккандар бул боюнча тасманы көрсө да болот. Ал болгону Алмазбек Атамбаевдин саясатын уланткан президент шайланса, ортодогу мамилелер ушул нукта уланса деген каалоосун билдирди. Эгер Мирзиёев өзүнүн сөзү башка нукта бурмаланып жатканын угуп калса жалпы кыргыз эли уят болгону турабыз.

Кыскасы, шайлоого кыргыз-өзбек мамилесин аралаштырып, аны менен Сооронбай Жээнбековду каралагандар Кыргызстан үчүн тескери гана натыйжаларды алып келет. Бул адамдар биздин өлкөнүн өнүгүп кетишин, коңшулар менен мамиленин бекемделишин эч качан каалабайт. А негизи ич ара мамилебизге коңшуларды тартып жатканыбыз уяттан уят көрүнүш. Кызмат үчүн мындай ыпластыкка баргандарды сөз менен токтотуу зарыл, болсо күч менен болсо да тыюу керек!

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter