jump to http://jeenbekov2017.kg/
14 сентября 2017, 12:43

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

15-октябрда өтүүчү Кыргызстандагы президенттик шайлоого өлкөбүздүн мурдагы үч премьер-министри – 23-премьер Өмүрбек Бабанов, 27-премьер Темир Сариев жана 28-премьер Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Албетте, бул үч премьер ишке жасаган мамилеси жана бир катар окуяларга катыштыгы менен кыргызстандыктардын эсинде калды, бирок алардын иши канчалык натыйжалуу болгондугун ИДПнын өсүш көрсөткүчтөрү гана далилдей алат. Ошондуктан, аталган экс-премьерлердин тушунда Кыргызстандын ИДПсы кандай болгондугуна саресеп салып, ар бирине өзүнчө салыштырма анализ жүргүзүү ниети пайда болду.

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

 

Кыргызстандын 23-премьер-министри Өмүрбек Бабанов бул кызматта милдетин аткаруучу деген чаптамасы менен 2011-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин отуруп, кийинчерээк гана бекитилгени эсибизде. 2012-жылдын 1-сентябрына чейин премьерликте отуруп, аргымактын айынан кызматынан айрылгандыгын кыргызстандыктар жакшы билишет.

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2011-жылы Кыргызстандын ИДПсы 5,7%ды же 273 млрд 107,8 млн сомду түзүп, ИДП көлөмү ылдыйлаган 2010-жылга салыштырмалуу 5,7%га өскөн. Бабанов кызматына толук кандуу киришкен декабрь айында экономикалык өсүү темп он бир айдагы 108,5%дан декабрда 105,7%га түшкөн. Эгерде Бабанов премьер-министрдин кызматына 2011-жылдын сентябрынын аягында келгендигин эске алсак, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшүн ага чейинки премьер-министр А.Атамбаевдин эмгеги десек болот.

 

2011-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 2012-жылы өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 20,2%га төмөндөп, 133 млрд 822,9 млн сомду түздү.

 

КР Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2012-жылдын январь- сентябрь айларында ИДПнын өсүшү 209,9 млрд сомду же реалдуу өсүш 99,9%ды түздү, тагыраагы көрсөткүч -0,1%га артка кетенчиктеди.

 

 

 

Ошентип, Кыргызстандын ИДПСы Бабановдун премьерлик доору аяктаар алдында 99,9%ды же 310471,3 млрд сомду түздү. Бабанов премьерликке келгенде ИДП көрсөткүчү 5,7%ды же 273,1 млрд сомду түзүп турган. Азыр президенттикке талапкер Бабанов ИДП 10%дан жогору болуш керек деп айтып жатат жана ага жетүүнү убада кылууда. Аны көрө жаталы, анткени Бабанов премьер кезинде ИДП көлөмүн көбөйтпөй эле, ылдыйлоого жол берген.

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

 

 

 

 

Кыргызстандын 27-премьер-министри Темир Сариев бул кызматта 2015-жылдын 1-майынан 2016-жылдын апрель айына чейин отурду. Премьер болгон бир жылга жакын убакытта ал өз ишин кеңири чагылдыргандыгы жана Балыкчы – Корумду жолун куруунун айланасындагы жаңжалдын айынан кызматтан кеткендиги менен к эсте калды.

 

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Сариев премьерликке келген учурда 2015-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгында республиканын ИДПсы 139,7 млрд сомду же реалдуу өсүш 6,9%ды түзүп турган. Ал эми 2015-жылдын жыйынтыгында ИДП көлөмү 424 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5%га көбөйгөн. 2016-жылдын январь-март айларында республиканын ИДПсы 78,8 млрд сомду, реалдуу өсүш 95,1% же -4,9%ды түзгөн.

 

Ошентип, Сариев премьерлик кызматка келгендеги көрсөткүч 106,9% (6,9% өсүш) болсо, кетип жатканда 96%га (-4,9%) төмөндөгөн.

Кыргызстандын 28-премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ишине 2016-жылдын 13-апрелинде киришип, 2017-жылдын 22-августунда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Ал мактанбаган жана ар кандай жаңжалдардан алыс премьер катары кыргызстандыктардын эсинде калды. 1,5 жылча ѳкмѳттү башкаруудан кийин президенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен ишин тапшырды.

 

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

Сооронбай Жээнбеков кызматка келген мезгилде Кыргызстандын ИДП көлөмү 96%ды (-4%) түзүп, бир сөз менен айтканда КСДПнын талапкерине оор абалдагы чарба мураска калган. Бирок, Жээнбеков ИДПны 3,8% көтөрө алды, ал эми 2017-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгында көрсөткүч 7,8%га жетти.

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнө ИДПнын өсүшүн 96%дан 7,8%га, тагыраагы төмөндөөнү токтотуп, жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болду. Ошону үчүн өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүн акыркы жылдардагы эң ийгиликтүү өкмөт деп атады.

 

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

 

 

Президенттикке талапкерлер – үч экс-премьердин тушунда ИДП деңгээли кандай эле?

meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter