9 октября 2017, 20:28

Энелерди сыйлабай, күчкө салып сахнадан кууп койгон Бабанов кимге жакшылык кылат?

 

 

 

 

 

 

Президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов эч кандай сын көтөрө албастыгын, ага карата азыраак гана сын айтып койгон энелерди да кагып-силкип, бука моюн жигиттери аркылуу күчкө салып кубалап жибере ала тургандыгын калың элдин алдында тастыктады. Тактап айтсак, эл менен жолугушууларынын биринде 60 жаштарга барып калган эне сөз сүйлөгүсү келип сахнага чыкты эле, аны сүйлөттүрө койбой, сахнадан Бабановдун жансакчылары сүйрөп барып, түртүп түшүрүп коюшту.

 

 

Анан андан кийин Бабанов ал энеге карап: «Сиз сүйлөбөй, унчукпай эле туруңузчу, барып добушуңузду Сооронбайга бере бериңиз. Анан көрөм жүз грам ичип жүргөнүңүздү», - деп кекетти. Муну менен ал биринчиден ошол эненин ар-намысына шек келтирди, себеби ал эне эч кандай ичимдик татпай эле барганын жанында тургандар да көрүп эле турган. Ичип алган адам башкача болот болчу.

 

 

Экинчиден, мына ушул көрүнүштөн эле Бабанов энеге, деги эле аялзатына кандай мамиле жасай тургандыгын көрсөттү. Кыргыздын чыныгы мырзалары эч качан энелерге мындай орой сүйлөп, түртүп, сүйрөп ызаланткан эмес. Бирок, тилекке каршы Бабанов ошентти. Бийликке келе элек жатып, энелерди кордоого алган Бабанов бийликке жетип кала турган болсо, калганыбызга кандай мамиле жасашы мүмкүн? 

meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter