11 октября 2017, 10:45

Бабанов Назарбаевден Кыргызстанды кысымга алып, элди коркутуу алуу президенттикке шайланууну суранганбы?

Акыл-эси менен, кадыр-баркы менен картайган адамды аксакал деп сыйлашаары, ал эми карыганына карабай калжаңдап, жаштарга тескери үлгү көрсөткөндөрдү чал деп коеру белгилүү эмеспи. Анын сыңары казак лидери Н. Назарбаев деле казак элинин сый-урматынан ажырап, жадатма чалга айланып калганы билинди. Ага карата нааразычылыктар бурч-бурчтарда гана шыбырашылып келген болсо, эми акырындык менен ачыкка чыга баштаганы белгилүү болду. Муну 7-октябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин казак лидеринин дарегине карата сүйлөгөн сөзүн казакстандык карапайым жарандардын интернет булактарында колдоого алган пикирлери тастыктап турат.

 

Ошентип А. Атамбаевдин айткан ачуу чындыгына териккен Н. Назарбаев Казакстанда жашап, тиричилигин жасап жүргөн кыргыздарга куугунтугун баштаганы маалым болду. Мындай маалыматты Казакстандын жарандары өздөрү Кыргызстандагы досторуна телефон чалып айтышууда. “Бизде бүгүн жаңы буйрук чыкты. Кече Атамбаев биздин чалга карай катуу сүйлөп койгон экен, полный кыргыздарды Казакстандан чыгаргыла деген азыр буйрук келди. Милициялардын баары ошону менен жүгүрүп атыр эми”, - деген маанайдагы телефон чалуулар арбыды.

 

Ошол эле убакта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында “Кордай” өткөрмө пунктунда казак чек арачылары тарабынан текшерүү күчөтүлгөнү да маалым болду. Бирок, күчөтүлгөн текшерүү тууралуу расмий эч кандай билдирүү же эскертүү берилген эмес.

Баарынан кызыгы 10-октябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Фархад Иминов Казакстанга барып, ал жактын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп кайтканы кызык болууда. Бизге жеткен ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда ал “кожоюну” Бабановдун атынан барып, Н. Назарбаевден чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү, керек болсо жаап салууну сунуштаган. “Ошондо Кыргызстандын ичинде нааразычылыктар жаралат, стабилдүүлүк жоголот, анан мен өз максатымды жүзөгө ашырам” деген экен Бабанов өзүнүн адамы аркылуу. Андан сырткары албетте шайлоодо башаламандык уюштурууга жана добуштарды сатып алууга кошумча акча каражатын сураганы айтылат.

 

Мына ушундан эле Бабановдун бийликке келиши үчүн Назарбаев катуу аракет жасап атканын билүүгө болот. Эгерде ал Бабановдун өтүнүчтөрүн толугу менен аткарууну кааласа, анда 2010-жылдаыг апрель революциясынан кийин Казакстанга кирип кеткен канкорлорду жана кече жакында “куйругун” түйгөн Кайсарды да чыгарышы керек.  

 

Ал эми Өмүрбек мырза болсо, “Эгер шайлоодон жеңилип калсам, анда мени баары бир темир тор арты күтүп турат, андыктан эми мага баары бир” деп аткан имиш. Демек, Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы үчүн анын арам оюнун ишке ашып кетүүсүнө жапа тырмак тоскоолдук жаратышыбыз керек. Бир адамдын мансапка, бийликке болгон “төрт көзү” үчүн жалпы мамлекетибиздин келечегине балта чаап албайлы. 

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter