12 октября 2017, 15:18

Асланбек Сартбаев,“АЗИЯnews” гезитинин башкы редактору:“Кыргыз элине катылган Кененсарынын башы кесилген...”

Асланбек Сартбаев,“АЗИЯnews” гезитинин башкы редактору:“Кыргыз элине катылган Кененсарынын башы кесилген...”

 

-- Аслан мырза, шайлоого аз гана күндөр калды. Элибиздин ичинде бушаймандык башталды. Казакстанда биздин ишкерлерди, мигранттарды кысып атканы боюнча маалыматтар чагылгандай тарады. Мунун өзү президенттик шайлоого кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

-- Так кесе айтканда, шайлоого казак бийлиги таасир жарата албайт. Биздин элибиз намыстуу, ойлонот, ар ким өз чечимине жараша кадам таштайт. Ооба, буга чейин деле Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев кандайдыр бир деңгээлде кайым айтышып келген. Бирок, биз президенттердин ачуусу, тирешүүсү астында бүшүркөбөй, эки элдин эзелтен келаткан ынтымагы, туугандык мамилесин сактоого салым кошушубуз керек. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дейт. Эртең экөө тең кетет. А бүгүнкү келишпестиктер бетке чиркөө болуп калбасын да. Мына, казак бийлиги ишкерлерибизге, мигранттарга ар кандай кысымдарды, ыксыз текшерүүлөрдү жасап, куугунтукка ала баштаптыр. Чек араны жаап баштады. Албетте, бул акылга сыйбаган жорук! Биздин мекендештер коңшулаш мамлекетте иштеп жүрүшсө, алар ошол жерде салык төлөп, тиешелүү мыйзамдары менен күн кечиришүүдө. Негизи эле опузалоо саясаттын түпкүлүгү эки мамлекетке тең жакшылык алып келбейт.

-- А мындай кысымдар байма-бай эле казак тараптан боло берсе кантебиз?

-- Казактар бизге кысым кыла албайт. Бүгүнкү күндөгү көрүнүштөр убактылуу гана. Алар биздин эл. Баса, бир окуяны ушул жерден мисал кылайынчы. Мен бала кезде чоң апам эки элдин бир туугандыгына суктанчу эле. 1930-32-жылдары казактар ачарчылыктан кырылып, белдерине алтын курланын байлап алып, Чүй боорун аралай боо-боо түшүп, ачкадан өлүп атканда кеменгер, айкөл элибиз коңшулаш туугандарыбызды батырып, сактап калган. Мына ушул апаат окуяны чоң энем айтып берчү, чындык да, керек болсо Чүйдүн ар бир айылында казактар сакталып калды, алар бизге эл болуп, сиңип кетти. Эмнени айткым келет? Бүгүнкү эки башчынын ыйкы-тыйкысынан чыккан келишпестик бир пикирге келбесе, ортодон эл кыйналат, туурабы? Убагында да казактардан башчылар чыккан, дөөгүрсүп, чаап алууга ашыгып... Бирок, элибиз эч качан башын ийип, мүңкүрөп турган эмес...

-- Сиз ачык айтсаңыз, кайсы башчы ал?

-- Кененсары Чүйгө кол баштап, кан төгүп, казактарга эл-журтубузду, жерибизди каратып алууга чамынганын билесиңерби? Ошондо түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз – тиягы Ысык-Көл, Теңир-Тоодон бери биригип, казактардын катыгын берип, акыры Кененсарынын башы кесилген. Баурдастардын калың колу майтарылган. Тарыхты окугула.

-- Сиздин сөздө калет жок. Бирок бүгүн башка мезгил да...

-- Туура, шарт башка. Президент Атамбаев күйгөнүнөн жарылды, казак бийлиги жана олигархтары президенттик шайлоого ачыктан-ачык кийлигишип атса, үстөмдүк жасашса, а эмне, кайдыгер болуш керек беле? Манас атанын урпактары эч качан көз каранды болгон эмес, кыйын кезеңде туруштук беришкен. Чындыктын даамы ачуу болот! Ошон үчүн казак бийлиги чычалап, премьер-министри баш болуп жооп кайтарды. Ошого катар алардын мамлекеттик деңгээлдеги жана эркин маалымат каражаттары Алмазбек Шаршеновичти шыбап, болушунча каралоого алышты. Таңгалдым. Мейли, бийликти айтпайын, бирок бизде да эл баатырлары, эл жазуучулары, эл артисттери бар эле го? Алар неге калыс кеп айта албай тымпыйып отурушат?! Же “дүжүрлөрдүн” ички оппозициябызга гана акаарат келтиргенге алдары жетеби?

-- Сиз бийликтен кетип аткан Атамбаевге жан тартып, коргоп чыктыңыз го?

-- Мен биринчиден, улутубуздун кызыкчылыгы, ар-намысы үчүн күйүп атам. Ооба, президентибиз да сергек инсан, ал дагы өзүнүн чындыгын айтты. Ал улутубуздун баалуулуктарын жогору баалайт. Ачыгын айтайын, мага Атамбаевден кызмат, же сыйлык да кереги жок. Эң башкысы, элибиз башты жерге салбай, намысы менен тике турса деген гана тилек!

 

Маектешкен Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: "АЗИЯnews"

Отправить новости WhatsApp News
Uuljan
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter