12 октября 2017, 19:05

Добуш сатып алууга шектелип жаткан, бирок, дайынсыз жоголгон Ош шаарынын 58 жаштагы тургунуна издѳѳ жарыяланды

Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 1959-жылы туулган тургуну А.С.нын ѳз үйүнѳн 2017-жылдын 11-октябрь күнү эрте менен чыгып кеткен боюнча үйүнѳ келбей жаткандыгы тууралуу анын жакын тууган арыз жазды. Ал арызда аны таап, коопсуздугун камсыз кылып берүүнү ѳтүнгѳн. Аталган жаран, ѳзүнүн 1953-жылы туулган жердеши К.Т. менен биргеликте добуш сатып алууга шектелип, тиешелүү материалдар 10-октябрда шаардык сотко жеке тартиптке кароо үчүн ѳткѳрүлүп берилген болчу. Ал, кароо учурунда ѳзүнүн оң бутунун байпагынан 100. 000 (жүз мин сом) акча каражатын алып чыгып, ал акча «шайлоочулар үчүн» деп билдирген эле. Ал эми анын шеригинин К.Т.нын ич кийиминен 85 миң сом акча шымынын багалегине түшүп кетип, ал акчаны «айлык акы» деп билдирген.

 

Бирок, эртеси күнү кылмышка шектүү А.С. НТС телеканалынан аны «милиция кызматкерлери коркутканынан акчаны шайлоочулардыкы деп койгонмун» деген таризде маек берген болчу. Анын мындай позициясы тууралуу түшүндүрүп берүү үчүн Ош шаарынын милициясы издеп жаткан.. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы булл жарандын коопсуздугуна кайдыгер карабастан, аны ищдѳѳ иштерин улантып жатат. Аны, «кайсы бир саясый күчтѳр коркутуп, же, уурдап кетип, ѳз пайдасы үчүн пайдаланышы мүмкүн» деген божомолдор дагы бар. Учурда дайынсыз жоголгон А.С.га издѳѳ жарыяланды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы.

 

 

 

Добуш сатып алууга шектелип жаткан, бирок, дайынсыз жоголгон Ош шаарынын  58 жаштагы тургунуна издѳѳ жарыяланды

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter