jump to http://www.kapriz.kg/issyk-kul/news/961-party-in-style-90-x-on-new-years-eve.html/

Үйлөнүү тойдогу бейбаштык - Жалал-Абад шаары (видео,сүрөт)

 

2017-жылдын 8-ноябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында тойдо жоро-жолдоштор болуп жүргөн азият улутундагы жаштары 25-30 чамасындагы мас абалда эркек балдар өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузушуп, ошондой эле оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшүп, коомдук тартипти бузушуп, автоунаалары менен жолдон өтүп жаткан автоунааларга ыңгайсыз абал жаратып жаткан учурда,Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлери барышып, коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар койгон мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, аларга каршылык көрсөтүшүп, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлерине жардамга келген кызматтык автоунаасын он тараптагы артты көрсөткүч күзгүзүн жана алдынкы капотун уруп талкалап салышып, андан кийин милиция кызматкерлери эскертү иретинде асманга эки жолу ок атканда, тополон жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан.

 

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-бер. (бейбаштык) 3-бөл. 3-п., 341-бер.(Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, ар тараптуу толук тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кылмышка шектүү катарында:

 

Ноокен районунун орто жашы 25-29 жаштардагы 13 атуул кармалып, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө алынып келинди.

 

Алардын айрымдарына Кыргыз Республикасынын Адм.Кодексинин 364-бер. талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышып, административдик протоколдор түзүлсө, калгандарына Кыргыз Республикасынын ЖПК-нин 94-бер. негизинде Жалал-Абад ШИИБнүн УКЖна киргизилип камака алынды.

Үйлөнүү тойдогу бейбаштык - Жалал-Абад шаары (видео,сүрөт)


Үйлөнүү тойдогу бейбаштык - Жалал-Абад шаары (видео,сүрөт)

 

Отправить новости WhatsApp News
Uuljan
1 комментарий

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter